Британиянын премьер-министри Борис Джонсон “Путин Украинада ийгиликке жетишип жатат” деп айтканбы? Текшеребиз

27-май күнү “Ateo Breaking” Телеграмм каналында “Улуу Британиянын премьер-министри Орусия, Украина менен болгон согушта акырындык менен, бирок сезилерлик ийгиликке жетип жатат деп айтты” деген маалымат жарыяланган. 

Британиянын премьер-министри Борис Джонсон “Путин Украинада ийгиликке жетишип жатат” деп айтканбы? Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

“Путин жай бирок коркунучтуу ийгиликке жетишип жатат” 

27-май күнү Bloomberg агенттигинде “Джонсон Украинаны “Путин крокодилге» сокку уруу үчүн ракеталарды жөнөтүүгө үндөдү” деген маалымат жарыяланган.

Анда Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон орусиялык күчтөр менен согушуп жаткан Украинага көбүрөөк аскерий колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде бир нече ракета сыяктуу өнүккөн куралдарды жөнөтүүгө чакырганы айтылат.

Борис Джонсон интервьюсунда президент Владимир Зеленский Украинанын аймагынан баш тартууга алып келе турган Орусия менен тынчтык келишимине көңүл буруусу керек деген идеяга каршы чыгып, Украинага көбүрөөк курал берүүнү колдой турганын билдирген.

Британиянын премьер-министри Борис Джонсон Путиндин күчтөрү Донбасстагы “жерди кемирип”, жай, бирок, коркунучтуу бирок сезилерлик прогресске жетишип жатканын” да кошумчалаган. 

“Путин өзү жана орус армиясы үчүн чоң жоготууларга учураса да, Донбасстагы жерди кемирип кете берет деп корком. Ал акырындык менен, жай, бирок сезилерлик прогресске жетишүүнү улантууда. Ошондуктан биз украиндерди аскердик жактан колдоону улантуубуз абдан маанилүү», — деп билдирген.

Джонсон белгилегендей, Украина чабуулчу куралдарга, анын ичинде алыскы аралыкка атуучу бир нече ракета аткычтарга муктаж.

Ал ошондой эле Украинанын Путин менен боло турган сүйлөшүүлөрүнө комментарий берип, орус президентин крокодилге салыштырган.

«Сол бутуңду жеп жаткан крокодил менен кантип күрөшө аласың? Бул адамга такыр ишенүүгө болбойт», — деген ал. 

Башкача айтканда Борис Джонсон Владимир Путиндин ийгилигине суктануу ирээтинде эмес, Украинага колдоо көрсөтүү контекстинде жогорудагы сөздөрдү айткан. 

Орус ЖМКларынын бурмалоосу 

Bloomberg сайтында Борис Джонсондун интервьюсу чыккандан кийин, Орусиялык бир катар ЖМКлар анын сөзүн бурмалап жазып чыгышкан. 

Британиянын премьер-министри Борис Джонсон “Путин Украинада ийгиликке жетишип жатат” деп айтканбы? Текшеребиз

Орус ЖМКларында “Борис Джонсон Путиндин Укриандагы ийгилигин мойнуна алды” деген контекстте беришкен. Маалымат толук берилбей, Борис Джонсондун сөзү бурмаланган. 

Жыйынтык: Борис Джонсон Орусиянын жай бирок коркунучтуу ийгиликке жетип жатканын айтканы чын. Бирок бул сөздөрдү Владимир Путинге суктануу ирээтинде эмес, Украинага жардам берүүгө үндөө чакырыгы катары айткан. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты