Болгарияда коюлган “Украиналык эненин ыйы” эстелиги азыркы согушка арналып жасалган эмес (Фактчекинг)

13-май күнү “СМИ Россия Украина” аттуу телеграмм каналында “Болгарияда “Украиналык эненин ыйы” эстелиги орнотулду” деген маалымат жарыяланган. Анда  жаңы скульптура Болгариянын борбор шаары Софиядагы Принц бакчасында, Советтик Армиянын эстелигинин маңдайында орнотулганы айтылат. 

Болгарияда коюлган “Украиналык эненин ыйы” эстелиги азыркы согушка арналып жасалган эмес (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

2019-жылы жасалган эстелик 

София шаарында 13-май күнү коюлган эстеликтин автору болгар скульптору Недельчо Костадинов болгон. Анын билдирүүсүнө ылайык, эстелик украин элинин согуштун натыйжасында тарткан азап-кайгысын чагылдырат. “Украиналык эненин ыйы” эстелиги атайын Советтик армиянын эстелигинин алдына коюлуп, аял орус аскерлерине кыйкырып жаткан сыяктуу элес берилген. 

Болгарияда коюлган “Украиналык эненин ыйы” эстелиги азыркы согушка арналып жасалган эмес (Фактчекинг)

Бирок, болгариялыктар эстелик коюлгандан көп өтпөй, аны алып салууну талап кылышкан. Анткени  эстеликте Украин эне көкүрөгү салбыраган, ачык көйнөкчөн кемпир катары көрсөтүлгөн. Мындан сырткары аялдын сейрек тиштери менен жүзү да көпчүлүгүндө терс элес калтырганы маалым болгон. 

Кийинчерээк белгилүү болгондой “Украиналык эненин ыйы” аты коюлган эстелик 2019-жылы жасалып, азыркы Украинадагы согушка тиешеси жок болгон. 

Скульптор Недельчо Кастади мындан көп жыл мурун “Game of Thrones” (Игра престолов) фильминин негизинде “Жылаңач шайтан” (Голый демон) аты менен аталган скульптураны жасаган. 

Болгарияда коюлган “Украиналык эненин ыйы” эстелиги азыркы согушка арналып жасалган эмес (Фактчекинг)

Аталган скульптура 2019-жылы көркөм сүрөт көргөзмөсүндө да “Жылаңач шайтан” аты менен катышканы белгилүү болгон. Бул тууралуу болгариялык журналист Велислава Дырева билдирген. Анын маалыматына ылайык, скульптор өзүнүн эстелигин сата алган эмес жана мүмкүнчүлүктөн пайдаланып эстеликти Украинадагы согушка байланыштырууга аракет кылган. 

Россиялык ЖМКлардын манипуляциясы

“Украиналык эненин ыйы” аты берилген эстелик София шаарынын борбордук аянттарынын бирине коюлгандан кийин Россиялык массалык маалымдоо каражаттары бул маалыматты бурмалоого аракет кылышкан. Көпчүлүгү “Украиналык фашизмге каршы коюлган эстелик” жана “Украиналык эненин Владимир Зеленскийге болгон кыйкырыгы” деген сыяктуу мааниде жазышкан. 

Болгарияда коюлган “Украиналык эненин ыйы” эстелиги азыркы согушка арналып жасалган эмес (Фактчекинг)

Башкача айтканда, Россиялык ЖМКларда эстелик тууралуу так маалымат берилген эмес. 

Жыйынтык: “Украиналык эненин ыйы” аттуу скульптура алгач башкача ат менен 2019-жылы жасалып, көргөзмөлөргө катышкан. Ал атайын Украинадагы согушка арналып жасалган эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты