Бишкекте Орусия элчилигинин алдында Украинаны колдоо митинги өтүүдө

Бүгүн, 25-февралда, Бишкекте Орусия элчилигинин алдында Украинаны колдоо митинги өтүп жатат. Митингге 50дөн ашык жаран катышууда.

Митингге катышкандар  “Украинадагы согушту токтоткула!”, “Согуш болбосун!”, “Согушка жол жок!”  деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушат.

Митингдин катышуучуларынын бири, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова өзүнүн пикирин мындайча билдирди.

— ХХI кылымда согушка жол бербей, бардык маселени дипломатиялык жол менен чечүү керек, -деди ал.    

«ПолитКлиника» медиасы митингдин жүрүшүн Фейсбук баракчасында түз алып көрсөтүүдө.  

Орусия Президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста «атайын аскердик операция уюштуруу» деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, дүйнө лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Батыш өлкөлөрү Путинди айыптап, Орусияга каршы жаңы санкциялык пакеттер кабыл алына баштады.

Ушул тушта Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты