8-августтагы аба ырайы
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 8-августта, күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткендин тоо этектериндеги райондордо өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн +19…+21, күндүз +33…+35.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү




