12-августта: Айрым жерлерде 39 градуска чейин ысык болот

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 12-августта, күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37;

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүшү күтүлөт. Түнкүсүн +20…+22, күндүз +34…+36.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты