Factcheck.kg төрт жашка толду. Куттуктайбыз!

ПолитКлиника медиасынын өнөктөшү Factcheck.kg төрт жылдыгын белгилеп жатат. Төрт жыл аралыгында Factcheck.kg миндеген жалган маалымат жана манипуляциянын бетин ачып, ондогон журналисттик иликтөөлөрдү жасаган. 

ПолитКлиника Factcheck.kg медиасы менен болгон кызматташуусу менен сыймыктанат жана жалпы редакция мүчөлөрүнө мындан да жогорку кесиптик бийиктиктерге жетишүүсүн каалайт.

Factcheck.kg сайтында эң көп окулган макалалардын тизмегин сиздерге сунуштайбыз. 

10. Бишкектеги мектептерди Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун уулу курат

Factcheck.kg төрт жашка толду. Куттуктайбыз!

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында“Экспресс-строй KG” ЖЧКсы борбордогу билим берүү мекемелерин тендерсиз куруу укугун алганы тууралуу депутат Дастан Бекешев Facebook баракчасына жазып чыккан. Эл өкүлү аталган компаниянын тарыхы жок экенин, ал эми жетекчиси тууралуу маалымат аз экенин белгилеген.

Factcheck.kg курулуш иштери менен Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшан Сабировдун уулу алектенерин аныктаган

  1. Жапаров менен көл жээгинде эс алган адам шайлоо фондуна эң ири сумма которгон. Фактчек
Factcheck.kg төрт жашка толду. Куттуктайбыз!

2021-жылдын июль айында президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуучулар менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Колдонуучулар президенттин эл менен катар эс алганын жана жөнөкөйлүгүн жазып чыгышкан. Ал эми сүрөткө түшкөн адам популярдуу мэмге айланган.

Factcheck.kg төрт жашка толду. Куттуктайбыз!

Бирок Factcheck.kg Жапаров менен көл жээгинде Нурбек Калмурзаев аттуу ишкер жана анын жубайы Назиза Тентиева сүрөткө түшкөнүн, өз учурунда Калмурзаев президенттик шайлоодо Жапаровдун шайлоо фондуна – 6,6 млн сом которуп, анын эң ири демөөрчүсү болгонун аныктаган.

8. Күндүн укмуштуу тутулуусу тууралуу фейк

Социалдык тармактарда Орусия менен Канаданын ортосундагы Арктикада тартылган делген видео талкууга алынган. Бул видеодо Ай жерге укмуштуудай жакын болуп, 30 секунд жүрүп, күндү бир нече секундага тоскон. Бирок Factcheck.kg видеону текшерип көрүп, бул чыныгы тутулуу эмес, видео монтаж экенин аныктаган

Factcheck.kg төрт жашка толду. Куттуктайбыз!

7. Тай-Мурас Ташиевдин депутат болгонго чейинки жашоосу 

Factcheck.kg былтыр Facebook социалдык тармагынан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын активдүү эмес профилин таап чыккан. Ал курал-жарак жана алкогол кармап түшкөн сүрөттөрүн 2012-2013-жылдары жарыялаган. Ал кезде Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү болгон. 

УКМК жетекчисинин уулу тууралуу макала бир гана сайтта эмес, социалдык тармактарда дагы популярдуу болуп, тасманы жалпы жонунан жарым миллиондон ашуун адам көргөн. Баса, макала жарык көргөн учурда Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болгон. Ал эми бир нече күндөн соң ал мандатынан өз ыктыяры менен баш тарткан.

6. Микроавтобустардын ээлери: компаниялар, байланыштар жана салыктар

Былтыр жайында Бишкектеги микроавтобус айдоочулар ишин таштаган.  Алар жол кире акысын көтөрүүнү талап кылышып, бир нече күн жумушка чыккан эмес. Бул окуялардын алкагында Factcheck.kg маршруттук линияларга ээлик кылган компаниялардын тизмесин, ошондой эле алардын жетекчилери тууралуу макала даярдаган.

5. Балдарга арналган “Диснейдин” акциясы — шылуундардын кезектеги амалы

Мессенджерлерде ар кандай компаниялар конкурстарды өткөрүп, белектерди жана акчалай сыйлыктарды берип жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр байма-бай пайда болуп турат.  Алардын схемасы жөнөкөй – колдонуучулар шилтемени басып, анкет толтуруп, жарнаманы бардык досторуна жөнөтүүсү керек. Интернет шылуундары мындай конкурстарды өткөргөн компаниялардын атын гана өзгөртүп коюшат: KFC, Adidas, Asia Mall, “Белая река”, Megacom, “Кумтөр”, Disney, Amazon ж.б. Биз ар дайым бул фейктерди төгүндөп, сайтыбызга жана социалдык тармактарда жарыялап турабыз. 

Factcheck.kg төрт жашка толду. Куттуктайбыз!
Factcheck.kg төрт жашка толду. Куттуктайбыз!

Интернет-фишинг же интернет-шылуундук деп аталган мындай фейктердин арасынан балдарды коргоо күнүнө арналган Disney компаниясынын белектерди таратканы тууралуу билдирүү эң популярдуу болгон. 

Factcheck.kg төрт жашка толду. Куттуктайбыз!

4. Украинадагы орус армиясынын мобилдик крематорийлери тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

2022-жылдын март айынын башында социалдык тармактарда Украинадагы орус армиясы аскер кызматкерлеринин арасында чыныгы жоготууларды жашыруу үчүн “мобилдик крематорийлерди” колдонуп жатканы тууралуу маалымат массалык түрдө тараган. Буга далил катары колдонуучулар жүк ташуучу унаа, анын ичинде башкаруу панели бар цистернага окшош нерсе тартылган видеону жайылтышкан. Анда каза болгон аскерлердин сөөгү биринин артынан бири күйүп кеткени айтылган.

Factcheck.kg төрт жашка толду. Куттуктайбыз!

Биз бул тасманы текшерип көрүп, ал 2013-жылы тартылганын аныктадык.

3. Черчиллдин согуш жана маскарачылык жөнүндөгү «билдирүүсү» манипуляция максатында бурмаланган

Социалдык тармактардын колдонуучулары көбүнчө атактуу адамдардын ар кандай цитаталары менен бөлүшүшөт. Бирок биздин редакция көп учурда мындай билдирүүлөр чынында ысымы аталган авторлорго тиешеси жок экенин далилдеп келет. Мындан тышкары, айрым билдирүүлөр атайлап бурмаланат. Мисалы, Черчиллдин согушка байланыштуу  мындай билдирүүсү Facebook социалдык тармагындагы баракчаларда тараган:

“Эгерде өлкө согуш менен уяттын ортосунда тандоо кылса, анда ал согушту да, уятты да алат”.

Колдонуучулар цитата менен 2021-жылдын жазында болгон кыргыз-тажик жаңжалынын алкагында активдүү бөлүшүшкөн. Бирок Factcheck.kg сайты Черчиллдин сөздөрү чындыгында бурмаланганын аныктаган. 

2. «400 жылда бир гүлдөгөн» Махамеру гүлүнүн таржымалы

2019-жылы таң калычтуу гүл тууралуу маалымат социалдык тармактар менен мессенджерлерде кеңири жайылган.

Анда «Бул Гималай тоолорунда өскөн  Махамеру гүлү. Ал ар 400 жылда биргүлдөйт. Биздин муунга аны көрүү насип этиптир. Башкалар да көрүүсүнө себепкер болуңуз», деп айтылган. 

Factcheck.kg төрт жашка толду. Куттуктайбыз!

Бирок биздин редакция бул фейк маалымат экенин жана протея гүлү 400 жылда эмес, жыл сайын гүл ачарын аныктаган.

  1. Кереметтүү гүл Жараткандын эмгегиби? Factcheck теришитирди

Ал эми Factcheck.kg сайтында эң көп окулган макала “кереметүү гүл” тууралуу болгон. Эске салсак, формасы айымдардын дене түзүлүшүн элестеткен керемет гүл тууралуу билдирүү интернет айдыңында кеңири жайылган. Соцтармактарда гүлдүн турмуштан алынганын “тастыктоочу” видеотасмалар жана көптөгөн маалымат бар.

Бирок Factcheck.kg бул фейк маалымат экенин жана кереметтүү дарак табигатта кездешперин аныктаган. Сүрөттөгү “керемет гүл” Тайланддагы токой бакчасынын айнектен жасалган экспонаты болуп чыккан.

Factcheck.kg төрт жашка толду. Куттуктайбыз!
Factcheck.kg төрт жашка толду. Куттуктайбыз!
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты