Акындар жактырган жөө туман...

Мультимедиа

Кыргызстанда эртең, 3-декабрда, жаан-чачын болбойт. Туман түшөт.

Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5;

Талас жергесинде түнкүсүн -10...-15, күндүз 1...6;

Баткен облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10;,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз -3...+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...5;,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...-9° болот;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -8…-10, күндүз 2…4° болот.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.