Жээнбеков Грузия президенти Зурабишвилини куттуктады

Мультимедиа

Президент Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган Президенти Саломе Зурабишвилини шайлоодогу жеңиши менен бүгүн, 30--ноябрда куттуктады.

«Сиздин тажрыйбаңыз Грузиянын мындан ары дагы экономикалык гүлдөп- өсүшүнө жана эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулашына түрткү берет деп терең ишенем.

Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук жана өз ара кызматташтык Сиздин жеңишиңиз менен жаңы деңгээлге чыгат деген жакшы тилектемин.

Сизге бекем ден-соолук жана бакубаттык, ал эми достук мамиледеги Грузия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат Куттуктоосунда.

Сүрөт: © Sputnik / Александр Имедашвили