Абылгазиев Өкмөттүн түзүмү өзгөрөт деди

Мультимедиа

Премьер Өкмөттүн түзүмү тууралуу өз оюн айтты.

Жогорку Кеңеш жыйынында  сүйлөп жатып, бүгүн, 29-ноябрда, Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн түзүмү өзгөрө турганан билдирди.

Жаңы жылдан кийин Өкмөттүн түзүмүн өзгөртөсүзбү?- деген депутат Жанар Акаевдин суроосуна, Өкмөттүн түзүмүндө өзгөрүү болорун, бирок качан өзгөртүлөрүн айта албасын белгиледи.

"Бул курам менен натыйжалуу иштөө кыйын. Натыйжалуу түзүм иштеши керек" деди Өкмөт башчы.