Эртең жаан жана кар жаайт

Маек

25-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жана кар жаайт. Айлым жерлерде катуу жаан жаайт.   Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, түнкүсүн жана эртең менен Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2,

Таласта түнкүсүн -8...-13, күндүз -3...+2,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,

Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -1…+1 градус болот.

Аба ырайы тууралуу маалыматты Өзгөчо кырдаалдар министрлиги билдирди.

Сүрөттө: Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айыл аймагы. Дамира Абдрахманова тарткан.