Алмазбек Атамбаев: «Бүгүнкү бийлик Бакиевдин жолоюна түштү»

«Апрель» телеканалы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясий абал, президенттик шайлоо алдындагы коротулду деген акчалар,  укук коргоочу Нурбек Токтакунов интернетте жарыя кылган  каражаттар тууралуу маалымат берген интервьюсунун толук варианты бүгүн, 19-ноябрда, жарыкка чыгары айтылды. Фейсбук колдонуучу Искен Афиджанов ал интервьюдан кыскача үзүндүнү жеке баракчасына жарыялады.    Ал интервьюдан, орусчадан которуп жарыялайбыз.

Алмазбек Атамбаев: "Бүгүнкү бийлик Бакиевдин жолоюна түштү"Наталья Кролевич, алып баруучу: —Алмазбек Шаршенович, акыркы убактагы окуялар боюнча сизден комментарий алалы дедик. Кечээ жакында эле интернетте президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын көмүскө бухгалтериясы жарыяланды.  Андагы шайлоо кампаниясына жумшалган акча тууралуу маалыматтар, эгер ага ишенсек, саясатчынын тизмесинен баштап, акыркы сумма, 24 млн доллар абдан таң калдырат.

Жээнбековдун басма сөз кызматы ал маалыматтарга коммментарий берүүдөн баш тартты. Сиз ага кандайча комментарий берээр элеңиз? Эмнеге бул документ азыр жарыяланып жатат?

Алмазбек Атамбаев, Кыргызстандын экс-президенти:  —Эмнеге азыр жарыяланып кеткени белгилүү. Икрам Илмияновду камашты. Муну бухгалтерия​ боюнча штабдын бухгалтери билчү. Ал акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүн алып, башка өлкөгө кетип калды. Ал өзүнүн өмүрүнөн коркуп жатат. Анткени азыркы бийлик Бакиевдин жолу менен кетти.

Ал жөн гана кетип калды. Бул документ жөнүндө билгендер өз өмүрүнөн коркуп жатышат.

Эмнеге Кулматовду паспорт боюнча отургузушту? Бакиевдин тушундагыдай акылсыздык. Алар Медет Садыркуловду “биз каалаганыбызды өлтүрүп коё алабыз» дегенди көрсөткүсү келип өлтүрүшкөн.

Булар күнөөсүздөрдү камап салышты. Кубанычбек Кулматовду, Сапар Исаковду камап туруп, “Биз каалаганыбызды камайбыз, керек болсо өлтүрүп да коёбуз” деп айтып жатышат. Ошондуктан адамдар өз өмүрүнөн коркуп жатышат.

Балким бул үй-бүлө өзүнүн чыныгы жүзүн көпкө жашырмак. Мени таң калтырганы — биз атайын фонддун суммасынын чегин алып салганбыз. Эгерде бул таза каражат болсо эмнеге бардык сумманы ачык көрсөткөн жок? Бул албетте өкүнүчтүү»  деди Атамбаев.

Атамбаевдин “Апрель” телеканалына берген интервьюсунун  үзүндүсун фейсбук колдонуучу Искен Афиджанов жарыялаган. Интервьюнун толук варианты 19-ноябрда жарыяланары айтылды.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо коротту делген акчасы тууралуу бүгүн, 15-ноябрда, Фейсбук баракчасына жазды жана талапкердин борбордук штабынын кассасы делген Excel файлды жарыялады. Файлды ага шайлоо кампаниясына тиешеси бар булактар бергенин айтты.

Токтакунов расмий түрдө Сооронбай Жээнбековдун  шайлоо кампаниясына 158 млн 096 миң 175 сом коротулганы жарыя болсо, ал эми иш жүзүндө  1 миллиард 170 млн 265 миң 187 сом жана 6 млн 855 миң 700 АКШ доллары коротулган деп жазат.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты