Матраимовдун соту дагы жылды

Матраимовдун соту дагы жылдыБишкек шаардык соту Райымбек Матраимов боюнча ишти кароону, бүгүн, 19-ноябрда, эмки айдын аяк ченине, 20-декабрга калтырды.  Анын себеби баяндама жасай турган соттун жыйынга келбей калганы болду.

Бишкек шаар соту мурда, 30-октябрда, Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча процессти 19-ноябрга жылдырган эле. Бул тууралуу анын жактоочусу Татьяна Карыжинская билдирди.

2017-жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңеш Райымбек Матраимовду ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков Бажы кызматынын төрагасынын орун басар кызматынан “анын иши жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатына туура келбегендигине байланыштуу” жумуштан алган.

Ал эми 2018-жылдын июнь айынын аягында Бишкек шаарынын соту Райымбек Матраимовду мурдагы кызматына кайра коюу чечимин кабыл алган.

Мурдагы өкмөт башыы Сапар Исаков жумуштан кетип, учурдагы  Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев соттун биринчи инстанциядагы чечимине каршы экендигин билдирип, доо арыз жазган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты