Прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү бүгүн жерге берилет
- 5 лет мурун
- Иликтөөлөр
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, республиканын прокуратура тармагында иштеген бардык 800 кызматкер 18-ноябрда киши колдуу болуп каза болгон Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун үй-бүлөсүнө миң сомдон жардам көрсөтүшөт.
Окуя болгон жерде Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жүрөт.
Прокурор А. Мамажыкыповдун сөөгү бүгүн, 19-ноябрда, жерге берилет.
Мурда биз маалымдагандай, Баткендин прокурору Анарбай Мамажакыповду 18-ноябрга караган түнү өлтүрүп кетишти. Бул окуя боюнча Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармасынын кызматкери шектүү катары кармалган.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!