Таалайбек Сарыбашовдун орус паспорту барбы? (Фактчекинг)

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдо Орусиянын жарандыгы бар экенин T-media маалымат булагы ачык булактардан текшерип көрдү.

Таалайбек Сарыбашовдун орус паспорту барбы? (Фактчекинг)

Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Орусиянын жараны деген маалыматтар тарады. Кош жарандуулук алып жүргөнү Фейсбуктагы Компр.KG баракчасында жарыяланып, анын мамлекеттик жана муниципалдык кызматты иштөөсүнө укугу жок деп жазылган.

Ал жерде Таалайбек Сарыбашовго тиешелүү делген Орусиянын паспортунун серия номери жана өздүгүн аныктоочу маалыматтар жазылган.

Маалыматта Сарыбашов 2002-жылы Орусиянын паспортун алып, кайра аны 2016-жылдын 30-марттында жаңылаганы айтылат.

Таалайбек Сарыбашовдун орус паспорту барбы? (Фактчекинг)

T-media Фейсбуктагы маалымат боюнча фактчекинг жүргүзсө бул маалыматтар Орусиянын тиешелүү кызматтарынын расмий сайттарынан тастыкталды. Кантип текшергенин бул видеодон көрүңүз:

T-media бул маалымат боюнча Таалайбек Сарыбашовдун өзүнөн тактоого аракет жасаган, бирок андан майнап чыккан эмес.

Таалайбек Сарыбашовдун орус паспорту барбы? (Фактчекинг)Ал эми мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров интернетке чыккан маалымат боюнча мэрдин кабары бар экенин айткан.

«Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ошол көрсөтүлгөн жылдары мигрант болуп жүргөн. Бирок Орусиянын жарандыгын алган эмес. Кечээ социалдык тармактарда жана айрым сайттарда чыккан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул жалган маалымат», — деди Азамат Абсаттаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мыйзамы кош жарандуулукка уруксат бербейт. КРнын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын 22-беренесинин 5-пунктунда башка мамлекеттин жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчи кызмат орундарын ээлегенге укугу жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты