Абанын температурасы төмөндөйт, жаан, кар жаашы мүмкүн

Баяндар

Эртең, 8-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Облустарда:

Чүй -түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7;

Талас- түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад- түнкүсүн -2...+3, күндүз 3...8;

Ысык-Көл- түнкүсүн -3...+2, күндүз -1...+4;

Нарын- түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10;

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 4…6 градус болот.