Интернетте ымыркайлар гана олтурбайт

Интернетте ымыркайлар гана олтурбайт

Кыргызстанда жылдын ушул мезгилине чейин экстремисттик 30 сайтка бөгөт коюлган. Өлкөдө 4 млн интернет колдонуучу бар. Бул тууралуу ИИМдин киберэкстремизм жана кибертерроризмге каршы туруу бөлүмүнүн башчысы Раатбек Турусбеков бүгүнкү журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Кыргызстанда экстремисттик деп эсептелген сайттардын саны 60 ка жетсе да, алардын 30 уна бөгөт коюлган. Экстремисттик деп табылган аккаунттар социалдык тармактын ээси тарабынан бөгөт коюуга мажбурланат.

ИИМ өкүлүнүн айтуусу боюнча Кыргызстанда интеррнет кызматынан ымыркайлар жана бул туурасында түшүнүгү жоктор гана колдонбой калбаса, дээрлик көпчүлүгү колдонот. Ошондуктан интернет аркылуу экстремисттик жана террордук маалыматтар кеңири жайылбашы үчүн көзөмөл жүргүзүлүп турат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты