Мигранттын балдары кантип асыралып кеткен?

Мигранттын балдары кантип асыралып кеткен?

Шамурзаевдин кыздары 2013-жылы.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова парламентте мисал кылган жаран—Россияда мигрант болуп жүргөн Жеңиш Шамурзаев менен анын жубайы Ыкыбал Кожогелдиева ата-энелик укуктан ажыратылып, наристе кыздары башкаларга асыроого берилип кеткен. Булардын ишинин акыркы соту Бишкектин Свердлов райондук сотунда, мурункулары Ленин районунда жана Бишкек шаардык сотто өткөн.

Алардын биринчи жактоочусу Аида Шамканова ”Булардын балдары татынакай, ата-энесинин гендери да жакшы деп кандайдыр кызыкчылыктар болгондур” деген жеке оюн билдирсе, энелик укугун жоготкон эне ага баласын асыроого бериши үчүн социалдык кызматкерлер чоң суммадагы акча сунуш кылганын айтат. Эмесе, сөз башынан болсун.

Мигранттын балдары кантип асыралып кеткен?Карамат Орозова, Жогорку Кеңештин депутаты:

“Шамурзаев баламды таап бергиле” деп ыйлап жатат”

—Ал киши үй-жайы жок кыйналып, үй-бүлөсүн багуу, каражат табуу үчүн, жети баласын таштап, Россияга иштегени кеткен. Кайра келгиче, Ленин жана Биринчи Май райондук үй-бүлөнү коргоо кызматкерлери кичинекей эгиз кыздарын “буларды багууга шартыңар жок, карай албайсыңар, шартыңар болгондо аласыңар” деп алып коюп, кыздарды Балдар үйүнө жиберишет.

Бул жерде ар кандай адамдарга берип жатканы ар кандай кызыкчылыктар бар. Мен бул маселе боюнча Башкы прокуратурага, Өкмөткө кайрылдым,- деди депутат Карамат Орозова.

Депутат айткан жаранга биз да жолуктук. Белгилей кетчү нерсе—ал наристелер эгиз эмес, бири кайрылган жарандын кызы, экинчиси жээн небереси. Турмуш ыңгайына жараша, экөөнүн тең атасы Шамурзаев деп катталган.

Жеңишбек Шамурзаев, кыздардын атасы:

Мигранттын балдары кантип асыралып кеткен?

“Бизди ата-энелик укуктан айтпай-дебей эле ажыратып коюшту”

Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну, учурда Бишкектин Дордой жаңы конушунда жашаган Жеңишбек Шамурзаевге жолукканыбызда, буларды айтып берди:

—2014-жылы кризис болуп, баары акчага такалат экен, Акчанын, көр тирликтин айынан. 1,5 сотых жер менен менен оокат кыла албайсың. Жети балам бар. Бишкекке келип, Ош базарында, анан Дордой базарында иштедик. Жаш балдар менен квартирада ижарага жашоого албайт экен. Улуу эки балам менен квартирада жашап жүрдүм. Балдарды жатаканага алышты. Кичинелерине кыйын болуп, Фучик паркынын ары жагында “приют” деп коет экен. Кичинелери менен аялым жана кызым ошол жакка барышты. Мен иштейин, үй-жай алайын деп Россияга кеттим. Мына, паспортумда чек арадан кирди-чыкты деген белгилери толтура.

Бизди ата-энелик укуктан өзүбүзгө айтпай эле ажыратып коюшту.

Башка аялга үйлөнгөн эмесмин. Жети балам бар. Кантип анан башка үй-бүлөнү бага алам? Мен деле тирүү жанмын да, бир убакта аялым менен уруша кеткем, бирок ажырашкан эмеспиз, нике күбөлүк турат.

Мигранттын балдары кантип асыралып кеткен?

Акыркы жолу кыздарым “папа, мама” дечү. Кыздарымды бир көрүп, үнүн уккум келет, — дейт Жеңишбек Шамурзаев.

Аида Шамканова, Шамурзаевдин биринчи адвокаты:

“Менин жеке оюм—булар балдарды татынакай, ата-энелеринин гени жакшы” деп башкаларга берүүгө кызыкдар болгонбу дейм”

Мигранттын балдары кантип асыралып кеткен?

—Ушул иште кандай мыйзам бузуулар бар деп эсептейсиз?

—Балдарды “приюттарга” жакшы жашоодон алып келбейт. Булардын турмушу начар болгондон кийин Ленин райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо кызматкерлери юридикалык консультация же болбосо, же кризистик борборлордун юристтери бар, ошол борборлорго кайрылтып, алардын укуктарын коргоп берсе болмок.

Алардын эң биринчи милдети—балдардын укугун коргоо да. Менин жеке оюм—булар балдарды татынакай, ата-энелеринин гени жакшы деп башка бирөөлөргө берүүгө кызыкдар болгонбу дейм,- деди жактоочу.

Адвокат Аида Шамканованын Бишкек шаардык сотунун коллегиясына жиберген жеке даттануусу мындай:

  • “Жеңишбек кызы Нурсулуунун Ленин райондук сотунун 11.05. 2017-жылы (сот Ж. Жумабаева) Ленин райондук сотунун 2016-жылдын 22-апрелиндеги (сот Ж. Сыдыкова) Ж. кызы Нурсулуу энелик укуктан ажыратуу чечимин жокко чыгаруу арызы канаттандыруусуз калтырылганы негизсиз жана төмөнкү себептер боюнча жокко чыгарылсын деп эсептейбиз:
  • Кыргыз Республикасынын негизги Мыйзамынын негизинде, Үй-бүлө коомдун негизи болуп эсептелет. Үй-бүлө, ата, эне, бала бүткүл коомдун камкордугунун өзөгү, ал мыйзам менен корголот.
  • Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин “Балдар тууралуу” 24-беренеси одоно бузулган. Анда ата-эненин уруксаты жок балдар башка үй-бүлөгө жайгаштырылбашы керек. Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү буларды булардын ата-энелик укугу чектөө же ата-энелик укуктан ажыратуу тууралуу сотко берип жатат, бирок ата-эненин макулдугу же каршы болгондугу тууралуу жазуу түрүндөгү уруксаты жок, б.а. энеси Жеңишбек кызы Нурсулуунун. Бул убакта кызы Маликанын ден-соолугуна эч кандай коркунуч келген эмес.
  • Ленин райондук Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү Кыргыз Республикасынын кодексинин 26-беренесин бузуп, Жеңишбек кызы Нурсулууга баласы менен көрүшүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес.
  • Ошону менен Ленин райондук соту 22.04. 2016-жылдагы сырттан чыгарган чечими менен, андан кийин 2016-жылдын 14-июнундагы жана 2017-жылдын 11-майдагы чечими менен секелек кыздын ата-энесине карата укугун бузуп жатат. Ж. кызы Нурсулуу турмуштун оор кырдаалына кабылып, кышында үй-жайсыздар жашоочу жайга корголоп калган.
  • Ал арак ичпейт, баңгизат чекпейт, психикалык жактан каттоодо турбайт.
  • Туруктуу үй-жайы болбогондуктан, сотко чакырыкты албай калган. Соттук материалдарда окуган жери, акыркы жашаган жери жазылып турат. Бирок материалдарда андай чакыруу жок.
  • Ошол учурда Малика башкаларга асыроого берилип кеткен. Бул тууралуу жазуу жүзүндө энесине билдирилген эмес. Жаш эненин арызы каралбай калган.
  • Бул жаш эне юридикалык жактан сабатсыз болгон, тагдырдын кыйын сыноосуна кабылган. Кыздын атасы Россияда каза болгон. Апасы экөө удаалаш төрөгөн жана кышында үйсүздөр жашоочу жайга келишкен. Улуулардын, апасынын сөзүн угуп, ал үйсүздөр жайында убактылуу жашоого аргасыз болгон. Кийин баланы мамлекеттик багууга калтырып, өзү окуй баштаган.
  • Ал эми Ленин райондук Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү үй-бүлөнү бириктирүүнүн ордуна, Маликаны башка бүлөгө асыроого берип жиберген.

Дал ушундай эле мүчүлүштүктү экинчи эне-Ыкыбал боюнча да айтууга болот.

Мигранттын балдары кантип асыралып кеткен? Лариса Губина,

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары:

—Комиссиянын чечими менен кыздар адистештирилген Балдар үйүнө үч айга жиберилди. 2014-жылдын июль айында кыздардын Балдар үйүндө калтыруу мөөнөтүн дагы узартуу тууралуу арыз менен кайрылышты. Июль айында мөөнөт узартылып, ошентип 2016-жылдын июнь айына чейин узартылды.

Балдар үйүңдө калуу мөөнөтүн 6 айга чейин узарта алабыз. 2,5 жылда балдарды кайтарып алуу үчүн алар эч нерсе кылган эмес. Сот чечими менен алар ата-энелик укуктан ажыратылды жана алар үч айга убактылуу асыроочу үй-бүлөгө (фостердик) берилген. Андан кийин ал фостердик үй-бүлөдөн убактылуу асыроого кетет.

—Эмнеге алар ата-энелик укуктан ажыратылып жатканда өздөрү катышкан эмес?

—Аларга эскертилген. Аялдын улуусу күйөөсү бар экенин жашырган. Ал күйөөсү жардам бербейт деп айткан. Эмнеге антип айтканын аялдан сураш керек.

—Балдар азыр каякта?

—Айта албайбыз, ал конфиденциалдык маалымат.

—Бири Кыргызстандан чыгарылып кетти беле?

—Баланы соттун чечими менен асырап алган кыргызстандыктар каякка чыгып жашап кетсе, өз эрки.

Ыкыбал Кожогелдиева, Фатиманын апасы:

Мигранттын балдары кантип асыралып кеткен?

“Жок дегенде бир кызыңды берип, акча жасап ал” деп көп жолу айтышкан”

Социалдык кызматкер кыздарыңды “балдар үйүнө бергин, акча таап аласың дегенин, сот энелик укуктан ажыратып койгондо өзүн сотко катыштырбай, телефон аркылуу эле билдирип койгонун айтат.

—Бишкекте балдар менен көп жерде квартирада жашап, кыйналып, аргам жок жүрдүм. Жолдошум Россияга кетип, биртике байланыш да жок болуп калды. Убактылуу “приютка” жашоого аргасыз болдум. Эки кызымды барып көрүп жаттым. Балдарды коргоо бөлүмү кышында “алып кет, балдарды көргөнгө справка бербейбиз деди. Же алып кетесиң, же баш тартам деп жаз деген. Жок дегенде бир кызыңды берип сал дечү.
Вагондо жашап жатам деп түшүндүрүп айткам. Көчөдө пакет, чай сатып иштеп жүргөм. Калган балдарым менен чогуу жашачумун.

Комиссия мөөнөттү узартып берип турган. Кыздарымды кайтарып алабыз деген үмүт болуп жаткан. Өзүм деле түшүнбөй калдым.

Кыздарың каякта экени жашыруун, барууга болбойт, фамилиясы өзгөрүп кеткен, башка үй-бүлөгө өтүп кеткен деп урушуп кабыл албай койгон. Жулунуп, кыздарымды кайтарып бергиле деп айкырып-кыйкырган жокмун. Азыркы күндө, эми мүмкүнчүлүгүм бар десем, мени эч ким уккан жок.

Соттон “Бүгүн сот болду, ата-энелик укуктан ажырадыңыз” деп телефондон айтып эле өчүрүп коюшту. Түшүнбөй, жок дегенде эскертпейт деп калдым. Кыздарымды тапшырып жатканда, менин байланыш номерим бар болчу. Эмнеге ошол номерге чалышкан жок? Кийинки сотторго катыштым, бирок энелик укуктан ажыратылган сотко катышкан эмесмин.

—Канча акча сунушташты эле?

—Суммасын айткан эмес. Ойлонуп көр, жок дегенде бир кызыңды берип койсоң, кыйналбайсың деген.

Фостердик үй-бүлөдө

Мигранттын балдары кантип асыралып кеткен?

Биздин маалыматыбыз боюнча ата-энесинен ажыратылгандн кийин Малика менен Фатиманы адегенде Бишкектин чет жагында убактылуу, фостердик үй бүлөгө беришкен Ал бүлөнүн убактылуу баккан апасы болуп А. эсептелген. Ал Бишкектин жаңы конуштарынын биринде жашап келген. Буга чейинки фостердик үй-бүлөлөр тууралуу телесюжеттерде, ЖМК материалдарында ал үй-бүлө мыктыларын катарында болгон. Биз болжолдоп, үч күн бою ал үй-бүлөнү издедик, Бишкектин жаңы конуштарынын биринде, тилекке каршы А. аттуу “апанын” май айынын аягында кайтыш болуп калганын уктук. Бирок соц. кызматкерлер кыздарды андан мурда эле алып кеткен.

Маркумдун келини буларды айып берди: “Апам 2018-жылдын 29-майында оор дарттан каза болуп калды. Фатима, Малика, Айдай аттуу кыздарды багыптыр мен келин болуп келгенге чейин” деди анын келини.

Ошол 2013-2014-жылдары мыкты фостердик үй-бүлө деп жүргөн бейиши болгур ал аял кайтыш болгондон кийин, Бишкекте азыр бир да фостердик үй-бүлө жок.

“Булар аябай эмгекчил, энелер эле”

Малика менен Фатиманы караган Балдар мекемесинин мурдагы кызматкери аты-жөнүн атабастан купуялык негизде буларды айтты:

—Бул аялдар Балдар мекемесине такыр ичип келчү эмес. Аябай турмуштан кыйналган үй-бүлө. Ошентип кыйналып жатып да, жаш эне окуу жайды бүтүрдү. Сот да орус тилинде өттү . Ал аял шок болуп калды. Баланы Балдар үйүнө калтыруу мөөнөтүн үч жолу узартышты. Булар ошол замат узартышса болмок. Эне менен баланын ортосунда мамиле аябай жакшы болчу. Бир алма табабы, бир банан, бадырак табабы, ошону, алып келишчү. Ар үч күндө бир келип турушчу. Ыйлап-ыйлап эле арманын көз жашынан чыгарышчу, -деди ал.

Сөз соңу

“Чубактын кунундай чубалган” бул окуянын башы 2013-жылы башталган. Кыздар Балдар үйүнө келгенде бир жаштан араң өткөн болсо, бу күндөрү беш жашка чыгышты. Биздин маалыматтарыбызга караганда, кыздардын бири асыралып кеткен. Экинчиси Кыргызстанда убактылуу бир бүлөдө багылууда. Социалдык түйүндөрдө кыздын аты-жөнү өзгөртүлүп, жарыяланып жүргөнүн билдик.

Мамлекетибиз турмуштан азап тарткан мигранттардын балдарын алып койсо, экинчиден, ал балдарды фостердик деп аталган убактылуу үй-бүлөгө бактырып, балдарды бакканга 6 миң сом, кийим-кече, тамак-аш менен камсыздоого дагы ошого тете каражат берип бактырып жатат. Ошол акчаны жакыр үй-бүлөгө берип, балдардын өз ата-энесинде эле калтырууга болбойт беле.

Иликтөө учурундагы дагы бир таң калычтуу жагдай—интервью берүүгө алдын-ала макул болгондор, бир канча күн өткөндөн кийин “жазуу жүзүндөгү” чоңдордун уруксаты керек деп сүйлөөдөн жаа бою качкандары болду. Ошол учурда алар менен түздөн-түз иштеген социалдык кызматкер, Балдар мекемесинин кызматкери, жада калса, ишти териштирген экинчи адвокат да суроолорго жооп берүүдөн качып турганы таң каларлык. Анан да ошол учурда, т.а. мындан беш жыл мурун иштегендердин бир далайы ал кызматтан бошонуп кетишкен.

Жогоруда биз сөз кылган Шамурзаев аттуу жарандын үй-бүлөсүнүн азыркы шарт-жагдайы эске алынып, ата-энелик укуктан ажыратылышынын мыйзамдуулугу териштирүүнү талап кылат.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты