Таласта төө буурчак арзан болуп жатканына нааразылык чыгууда

Таласта төө буурчак арзан болуп жатканына нааразылык чыгуудаБыйыл төө буурчактын баасы өтө арзан болуп жатканынан улам таластык дыйкандар нааразылык акцияларына чыкканы жатканын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков айтып чыкты. Анын айтымында, Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болгону башка облустарды кыдырганы менен Таласка бир да жолу бара элек. Депутат президент Сооронбай Жээнбеков жакында Таластын Ак-Дөбө айылында төө буурчакты кайра иштетүү заводунун ачылышына катышканда ишкерлер бир килограммын 40-60 сомдон алабыз деп убада бергенин, бирок азыр баа 25 сом болуп жатканын кошумчалады.

“Төө буурчактын баасы күндөн күнгө төмөндөп отуруп, 25 сомго чейин түштү. Мындай баа 2011-жылы болгон. Мен акимдер менен да бат-бат сүйлөшүп жатам, баасы төмөндөп, бир да жерде албай, эл кыйналып, митингге чыкканы жатат», — деди депутат Рыскелди Момбеков.

Таластан келген соңку маалыматтарга караганда, быйыл баа чынында арзан, төө бурчактын бир килиограммы азыр орто эсеп менен сапатына жараша 30-45 сомдун тегерегинде.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты