Бишкектин бир районуна Айтматовдун ысмын ыйгаруу демилгеси козголду

 

Бишкектин бир районуна Айтматовдун ысмын ыйгаруу демилгеси козголду

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Экмат Байпакпаев Бишкек шаарынын бир районуна Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгарууну сунуштап чыкты.

«Бишкек шаарынын бардык райондору советтик учурлагы аталыштарды алып жүрөт. Жок дегенде алардын бирин өзгөртүп, Айтматовдун атын берели. Ат өзгөртүүгө көп каражат керек дешет. Биок кеп акчада деле эмес. Улуу кыргыз жазуучусунун ысымын түбөлүкккө калтырыш керек» деди депутат.

Экмат Байпакпаев Бишкек шаар кеңешинин депутаттарына бул демилгени кароо маселесин да сунуштады.

Бишкектин бир районуна Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу демилгеси буга чейин деле айтылып келгени менен андан эч кандай натыйжа чыккан эмес.

 

 

Быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип, Кыргызстанда жана дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө бул мааракеге арналган иш-чаралар өтүүдө.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты