Боронов Максимдин «оң колу» менен чогуу үй курабы?

Бул макалада үй куруп баштап, бирок аягына чыкпай квартира сатып алгандардын нааразычылыгын туудурган чуулуу курулуш компаниясы, анын кожоюндары жана өнөктөштөрү тууралуу сөз болот.

Боронов Максимдин "оң колу" менен чогуу үй курабы?

Мындан бир нече ай мурда Кыргызстандан качып кеткен мурдагы Премьер-министр Данияр Үсөнов Белорусияда Даниил Урицкий деген ат менен жашап, ал тургай “Белорус улуттук биотехникалык корпорациясы” Жабык акционердик коомунун жетекчиси катары коомчулукка чыкканы эсиңиздерде болсо керек.

Мына ошол Минсктеги БНКБга төрага болуп Рифат Утюшев деген кыргызстандык жаран бекитилген болчу.

Рифат Утюшев Максим Бакиев негиздеген ЦАРИИнин каржы директору болуп жүргөнү белгилүү. Ал жакка Бакиевдер өзүнө ишеничтүү гана адамды коеру талаш жаратпаса керек. Мына ушул эле адамдын изи кайра Минсктен чыгып атканы деле кокусунан эмес.

Бирок, азыр биз айта турган кеп башка. Буга чейин Бишкектин Токтоналиев жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн короосуна мыйзамсыз курулуш иштери башталганын айтып жергиликтүү тургундар массалык маалымат каражаттар аркылуу нааразычылыгын билдирген болчу.

Бул курулуш иштерин “Бенконс Азия” деген компания баштап жатканын айтышкан эле. Мындай ызы-чуудан кийин курулуш иштери жүрбөй токтоп калган.

Бул жолу дал ушул компания Абай көчөсүндө куруп жаткан көп кабаттуу үйүнөн батир сатып алып, бирок алиге чейин же үйдөн жок, же акчадан жок калган жарандар бизге кайрылган.

Бул компания эмне болгон компания экенин изилдеп көрүүнү чечтик. Юстиция министрлигинин ачык базасындагы маалыматка караганда:

Боронов Максимдин "оң колу" менен чогуу үй курабы?

Батир сатып алмай болуп…

Интернеттен бул компания тууралуу маалымат издеп жатып, “3 бөлмөлүү батир сатылат” деген жарыяны окуп калдык. Көрсөтүлгөн номер боюнча кардар болуп чалганыбызда Азим деген жигит курулуп жаткан үйдү көргүлө деп дарегин түшүндүрдү.

Биз курулуш жүрүп жаткан үйгө барганыбызда бешинчи кабаттан курулуш иши токтоп калганын көрдүк. Абай көчөсүндө карылар үйүнө кошуна жайгашкан үй экен.

Андан ары курулуш иштери менен таанышып бүткөнүбүздү, жолугуп шарттарын сүйлөшүп, келишим менен таанышуу максатыбызды билдирдик. Азим бизди эртеңки күнү кожоюну менен жолуктурмай болду.

Жолугушууга 8-кичирайондун бир жериндеги офиске келдик. Бул офис кыймылсыз мүлк менен иштеген агенттиктин офиси экен. Азим кожоюн биз менен жолугушууга келгенин, шарттарынын баарын ошону менен сүйлөшөрүбүздү айтты.

Биз кирип өзүн кожоюнмун деп тааныштырган жигит менен батирдин акчасын бөлүп төлөө боюнча сүйлөштүк. Анан келишимдер менен таанышууну сурандык. Ал келишимдин көчүрмөсүн Азимге жөнөтөрүн, Азим бизге жөнөтөрүн айтты.

Кечинде Азим бизге келишимдин көчүрмөсүн жиберди. Ал жакта келишимге кол коюп жаткан компания “Romford Trade» Жоопкерчилиги чектелген кому болуп чыкты.

Юстиция министрлигинин ачык базасындагы маалыматка караганда:

Боронов Максимдин "оң колу" менен чогуу үй курабы?

Окшош

Мына ушул маалыматты окуганда Боронов Эркинбек Кубатбекович деген ат жылуу учурады. Интернеттен Боронов Эркинбек тууралуу маалыматтарды издегенибизде ал КР вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун уулу экени билинди, башка маалымат каражаттары чиновниктердин балдары тууралуу жазылган макалаларда Эркинбек Боронов тууралуу дагы жазылып, сүрөтү менен чыккан экен.

Кызыгы, бул сүрөт биз “сатып алмай” болгон батирдин “кожоюнуна” куюп койгондой окшош болуп чыкты. Бирок, КР вице-премьер-министр Кубатбек Боронов дагы, анын уулу Эркин Боронов дагы мындай болушу мүмкүн эместигин, биз “кожоюнга” жолуккан күнү Эркинбек Боронов Астанада жүргөнүн айтышты.

Кубатбек Боронов, КР вице-премьер-министри: “Андай болушу мүмкүн эмес

Боронов Максимдин "оң колу" менен чогуу үй курабы?— Уулуңуз негиздеген Romford Trade компаниясы эмне менен алектенчү?

— Менин билгениме караганда, уулум партнеру экөө консалтингдик компания кылып ачышкан. Бирок эч кандай иш жүргүзүлгөн эмес. Башка бир компания менен үй куруу иштерин жүргүзөбүз деген ой менен башка бир частный компаниядан жерди отсрочкага алышып, жердин акчасын “Romford Trade» төлөп берип, курулуш иштерин инвестор болуп кирген компания төлөп бермей болуп сүйлөшүшкөн. Бирок эки жылдын ичинде жердин акысын төлөп берүү маселеси тургандыктан, эки жылдын ичинде курулушу дагы бүтпөй, жердин акысы дагы төлөнбөй, анан төлөп бере албай калгандан кийин Romford Trade компаниясын жерди төлөө милдеттенмеси менен кошуп курулушту куруп жаткан компанияга былтыркы жылдын жай мезгилинде өткөрүп берип салышкан. Ошону менен азыр уулум ал компанияга тиешеси жок.

— Өткөрүп бергенде “Бенконско” үлүшүн сатып жатабы?

— Саткыдай алардын эч нерсеси жок. Жерди жана жерди төлөө милдети менен кошуп өткөрүп берип жатат.Эч кандай активи жок болгондуктан бул компания эч кандай баага турган эмес.

— Сиздин уулуңуз менен партнер болуп иштеп баштаган “Бенконс Азия” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Утюшев Рифат экен. Бул киши Максим Бакиевдин ЦАРИИсинин каржы директору болуп жүргөн, кийин Даниил Урицкийдин БНБКсынын төрагасы болуп жүргөн адам экен. Анан ушундай адам менен сиздин уулуңуз өнөктөш болуп калган жагдайды кандай түшүндрүп бересиз?

— Утюшев жөнүндө мен азыр угуп жатам, ачыгын айтканда, мен билбейт экенмин ал ким экенин. Экинчиден, менин уулум ал жерде Romford Trade компаниясына учредитель болуп гана кирип жатат, ал жакта генеральный директор, же исполнительный директор болгон эмес. Romford Tradeдин негизги иштерин компаньону, директору жүргүзгөн.

— Компанияны өткөөрүп салган деп жатасыз, бирок биздин журналисттер кардар катары “Бенконс Азиянын” квартирасын сатып алганы барса, сиздин уулуңуз кожоюн катары жолугуптур, буга кандай комментарий бересиз?

— Андай болушу мүмкүн эмес. Мен уулумдан дагы сурап көрдүм, сиз менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин. Анын сатууга акысы дагы, маалыматы дагы жок.

Кубатбек Боронов менен жолугушуп маек алгандан 2 күндөн кийин Эркин Боронов өзү телефон чалып, атасы маалымат берип кой деп айтканынан чалып атканын айттүы. Телефондук сүйлөшүүнү өзгөртүүсүз беребиз.

Эркин Боронов: “Мен Утюшевди тааныбайм”

Боронов Максимдин "оң колу" менен чогуу үй курабы?

Сүрөт интернеттен алынды

— Жолугуп сүйлөшсөк жакшы болмок.

— Жолукпай эле, сиз мага суроолоруңузду почтага жибербейсизби, мен ошол жактан эле жооп берейин. Отуруп шашпай. Өтө плотный график болуп жолукканга убакыт болбой жатат.

— Биздин журналисттер квартирага кардар болуп барганда силерге окшош адамга жолуктук деп жатат, ошон үчүн биздин офиске келсеңер ошол журналист менне көзмө-көз сүйлөшөт элеңер.

— Мага эч ким жолуккан жок. Атам дагы айтты “Сага жолугуптур го” деп. Мага эч ким жолуккан жок. Кайсы жерден жолуктуңуздар эле?

— 8-кичирайондо бир кыймылсыз мүлк боюнча иштеген агенттикке “кожоюн” катары силерге окшош адам келген экен.

— Эже, мен 15-октябрда Астанага кеткенмин, ал күнү мен бул жакта жок болчумун. Чек ара кызматында деле маалымат бар.

— Биздин журналисттер жолуккан күн 13-октябрь экен, ошол күнүңөрдү эстеп көрбөйсүңөрбү?

— Ал күнү деле мен эч кимге жолуккан эмесмин.

— Бизге видеоверсия үчүн жолукпасаңар дагы видеозвонок менен жооп берсеңер жакшы болот эле?

— Анда эже, телефондон мындай эле жооп берейин.

— “Romford Trade” компаниясын качан, кандай максатта ачтыңар эле?

— Эски тааныш байкем бар, ал консалтингдик кызмат көрсөткөн фирма ачалы деп сунуштап калды. Долбоорлорду жазып иштейли деп. Мен макул болдум.Жарым-жарымына кожоюн болуп ошол компанияга кирдим. Биз пландаган нерселер ишке ашпай калды. Бизнес пландарыбыз.Чынын айтсам, ошол компанияда жүргөнүмдү унутуп деле бараткан экенмин. Ушул нерселер чыкканда эстеп кетип, ишибиз ишке ашпай калганда эле чыгып кетсем болмок экен деп “кап” деп калдым. Буюрган нерсе ушул экен, ызы-чуу болуп атат эми. Андан кийин ал киши чет өлкөдөн инвестор таап келиптир, эмне инвестор экенин деле билбейм, так маалыматым жок, ал кишиге жолуга элекмин.

— Инвестор деп “Бенконс Азия” компаниясын айтып атасыңар да?

— Ооба, Бенконс экен го аты. Анан Юридикалык жагынан мен участник болуп калдым да, биз жерди бирөөдөн алып, эки жылдын ичинде кутулабыз деп, инвесторго жер бергенбиз, инвестор курулушту каржыламак. Эки жылдын ичинде инвестордо каржылык проблемалары болгонбу, ишке ашпай калып, ал иш токтоп калып, жердин акчасын биз төлөй албай калдык. Мага өнөктөшүм келип айтты “Төлөй албай калдык, ишке ашпай калды, жерди ошол инвесторго өткөрүп берип салалы, жердин проблемасын өзү чечсин” деп. Мен макул болдум, деталдарын изучать этпей эле, макул болуп кол коюп бердим. Ошентип биз “Romford Trade” фирмасын толугу менен эле “Бенконско” өткөрүп бердик.

— Консалтингдик фирма деп ачканбыз дедиңер, анан кантип жер алып сатып алып калдыңар?

— Юридикалык фирманын негизги багыты дегенди өзгөрткөнбүз да. Ошондо ошол тарапка кеткен.

— Жерди башында өзүңөр алып, анан бөлүп кутулабыз дегенсиңер да ээ?

— Ооба, башында жерди өзүбүзгө алганбыз. Жер бизден болот, курулуш курууну каржылоо инвестордон болот деп макулдашылган.

— Канчанчы жылы өткөрүп берип жатасыңар?

— Жылы эсимде жок. Мен катышкан эмесмин. Мага айтып берген нерселерди сизге айтып берип жатам.

— Бирок компаниянын учредителдери өз үлүшүн кимдир бирөөгө берип жатканда нотариуска өзүлөрү барат да? Ошондо “Бенконс Азиядан” кимдер келди?

— Ооба, мен деле өзүм барып эле кол коюп кетип калгам, эч кимге жолуккан эмесмин.

— “Бенконс Азия” компаниясынын учредителдеринин бири Рифат Утюшев менен тааныштыгыңар жокпу?

— Ким экенин билбейт экенмин ал кишинин.

— Атаңар жерди “Аю-курулуштан” сатып алган деп айтты, ушул компаниядан алган экенсиңер да ээ?

— Точно билбейм, эже, каяктан алганыбызды. Мен номинальный эле участник болуп жүрдүм.

— Силер негиздеген “Romford Trade” ЖЧКсы дагы, “Бенконс Азия” ЖЧКсы дагы бир эле Чернышевский 29 деген дарекке катталып жатат, бул жөн эле дал келүүбү?

— Фирманы каттоого катышкан эмесмин. Менин билгениме караганда, юридикалык даректи жөн эле жазып кое беришет.

Шек жараткан жагдайлар…

Бороновдун айтканына таянсак, анда «Romford Trade» деген компания мурда түзүлүп, анан кийин “Бенконс Азия” компаниясы инвестор болуп келип жатат. Бирок, юстиция министрлигинин ачык маалыматтарына таянсак, “Бенконс Азия” 2014-жылы эле ачылып, башынан эле Бороновдун уулунун партнеру Бакиров Мухаметкабыл негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. Анан дагы эки компаниянын тең юридикалык дареги бир.

Анан дагы эки компаниянын тең директору бир эле адам Бакиров Мухаметкабыл. Демек, “Бенконс Азия” кийин инвестор болуп келди деген сөз шек жараткан жагдайларды пайда кылат. “Romford Trade» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн катарынан Эркинбек Боронов менен Бакиров Мухаметкабыл 2017-жылдын август айында гана чыгып кетишкен. Ошенткен менен Бакиров дагы деле ал компаниянын жетекчиси болуп отурат. Бул маалыматтардан улам аталган эки компания башынан баштап эле чогуу кызматташканбы деген ой пайда болот.

ПолитКлиника медиасы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты