Бишкек-Ош жолундагы кырсык эки өмүрдү алды

Бишкек-Ош жолундагы кырсык эки өмүрдү алдыКырсык кан жолдун 168-чакырымында, Чүй облусунун аймагында болгон. ӨКМдин маалыматына караганда, Honda Odyssey унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта баратып, рулду башкара албай калган. Натыйжада Бишкектен Ошту көздөй бараткан машина жолдон чыгып, аласалып кеткен.

Кырсыктан бир эркек менен аял ошл жерде каза тапкан. Чүй облустук Жол кыймылын камсыздоо башкармалыгы каза тапкан айдоочу менен бир жүргүнчү аялдан башка дагы унаадагы беш киши жабыркаганын билдирди. Кырсык болгон жерге жетип барган куткаруучулар каза тапкандардын сөөгүн милиция кызматкерлерине, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Соңку жылдары Кыргызстанда адам өмүрүн алган мындай жол кырсыктары байма-бай катталууда. Маселен, расмий маалыматтарга караганда, былтыр өлкө аймагындагы жол кырсыктарынан 800дөн ашуун өмүр кыйылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты