ТИМдин алдындагы милдеттер

ТИМдин алдындагы милдеттер

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, жаңыдайындалган  тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Мамлекет башчы Тышкы иштер министрлигине төмөнкүдөй милдеттерди койду:  1) эл аралык келишимдерди ишке ашыруу;

2) өнөктөш мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөө;

3) инвестиция тартуу: 4) туристтик дараметти өнүктүрүү;

5) чет өлкөдөгү жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо ж.б.

Тышкы саясат ведомствосунун ишмердигине байланыштуу акыркы мезгилде массалык маалымат каражаттарында резонанс жараткан маселелерге жана сын-пикирлерге байланыштуу Ч. Айдарбеков тийиштүү иш жүрүп жатканын маалымдады.

Сүрөттө: кабыл алуу учуру. Президенттин басма сөз кызматы тарткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты