Мунапыс берүү макулдашуусу иштебейби?

Мунапыс берүү макулдашуусу иштебейби?

 

 

 

 

 

 

 

 

МК ру ЖМКсы Россиянын Тула шаарында ушул жылдын 20-октябрында легалсыз жүргөн мигранттарды, айрыкча азиялык 200 дөй адамды Борбордук базар тарапка тизип, документтерин, каттоосун, жумуш иштөөгө уруксат патентин массалык түрдө текшерүүгө алганын жазып чыкты. Ошол эле кезде эки мамлекеттин ортосунда Россияда легалсыз жургөндөргө мунапыс берүү макулдашуусу бар экенине карашкан жок.

Текшерүүнү аймактык укук коргоо органдарынын кызматкерлери жүргүзгөн.

Ал эми ошол эле учурда кара тизмеде турган кыргызстандыктар үчүн Кыргызстан менен Россиянын ортосунда миграциялык мунапыс боюнча келишим кабыл алынганы белгилүү.

Акыркы маалыматтарга караганда, Россияда кыргызстандык 650 мин жаран бар. 70 миң кыргызстандык кара тизмеде турат, алардын 50 миңи россиялык соттордун чечими менен чыгарылган.

Россияда легалсыз жүргөн кыргызстандыктарга 2018-жылдын 16-октябрынан 10-декабрына чейин административдик жоопкерчилик тартпастан жана кара тизмеге киргизилбестен, Россиядан чыгып, андан кийин кайра кирүүгө уруксат берилген.

Сүрөттө: Тула шаарында азиялык мигранттарды текшерүү. Сүрөттү МК ру тарткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты