Көз боемо көйнөктөр. Бишкектин базарларында бизди кантип алдашат?

Колдон колго, тойдон тойго өтүп жүргөн көйнөктү бир жолу болсо дагы ачып көрдүңүз беле? Бетинен караганда кадимки эле чоң кишинин көйнөгүндөй көрүнгөн, бирок арт жагынан караганда 2 айлык балага ылайык болгон бул көйнөктөр биздин эле базарларда сатылып жатканын этибар албасаңыз керек. Биз борбор калаабыздагы базарларды кыдырып эксперимент жүргүзүүнү чечтик.

Көз боемо көйнөктөр. Бишкектин базарларында бизди кантип алдашат?

Биздин базарларда сатылып жаткан көйнөктөр.

Биз Жунхай жана Дордой базарынан беш жерден эркектердин көйнөгүн сатып алып, чынында эле жакасы чоң кишиникиндей, бирок жеңи менен арт жагы жаш баланыкындай болгон көйнөктөр сатылып жатканына күбө болдук. Көйнөк сатып алганы барганда эле сатуучулар көйнөктү кандай максатта алып жатканыңа кызыгышып, «Кийгенгеби же тойгобу?» деген суроону беришет. Биз «Тойго» деген жоопту бергенде бардык жерде аркасы кичинекей болгон биз издеген көйнөктөрдү беришти.

Көз боемо көйнөктөр. Бишкектин базарларында бизди кантип алдашат?

Сатуучулардын бирөөсү арты жок көйнөк деп ачык эле айтты:

— Мындай көйнөктөрдү алгандар көп эле болот. Күнүнө 50дөн ашык сатабыз. Көбүнчө тойго деп алышат. Оштон өзүбүз алып келебиз. Сатып алып жатканда кандай көйнөк экенин айтабыз, ошондуктан арыздангандар болгон эмес.

Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу мыйзамына ылайык, Кыргызстанга кирген товарлар “Кыргызстандарттын” талаптарына жооп бериши шарт. Ага ылайык, идентификациялык жана техникалык талаптарга жооп бериши керек:

1. Идентификациялык талап

Көз боемо көйнөктөр. Бишкектин базарларында бизди кантип алдашат?

ИНФОГРАФИКА

2. Техникалык талап

Көз боемо көйнөктөр. Бишкектин базарларында бизди кантип алдашат?

ИНФОГРАФИКА

Талаптарга жооп бербеген көйнөктөр

Көз боемо көйнөктөр. Бишкектин базарларында бизди кантип алдашат?

Бердимамат Аданбаев

Кыргыз Республикасынын экономика министирлигинин алдындагы стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Бердимамат Аданбаев биз тапкан көйнөктөрдүн Кыргызстандарттын талаптарына жооп бербей турганын түшүндүрдү:

— Административдик кодекс боюнча маркировкасы, эч кандай белгиси жок көйнөктү сатканы үчүн кандайдыр бир айып пул салынышы керек. Экинчиден бул көйнөк сатууга чыккан болсо, техникалык регламенттин талаптарына жооп берет деген сертификаты болушу керек.Рынокту көзөмөлдөөчү атайын органдар бар. Жеңил-өнөр жай продукцияларын көзөмөлдөөчү орган катары санитардык-эпидемиялык департамент аныкталган.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын ким коргойт?

Стандарттарга жооп бербеген товарлардын базарда сатылып жатканы керекоочулордун укугунун бузулганы. Товар тиешелуу сапатта болбой калса ар бир керектоочу укук коргоо органдарына кайрыла алат.

Көз боемо көйнөктөр. Бишкектин базарларында бизди кантип алдашат?

Улан Ташматов

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Улан Ташматов жараксыз товарларды алдоо жолу менен саткан сатуучуларга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн айтты:

-Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо мыйзамынын 9-беренеси боюнча сатуучу кардарга толук маалыматты бериши керек. Мисалы, кандай көйнөк, кайсыл жерде жасалган, кайсы размерде, курамы боюнча маалымат болуш керек. Эгерде товардык чеги жок болсо, далилдей алчу эч кандай документи жок болсо күбөөлөдүн көрсөтмөсү менен бизге кайрылууга укуктуу. Териштирүү иштеринин жыйынтыгында сатуучунун мыйзам бузгандыгы далилденсе, ага эскертүү берилип керектөөчүгө товардын акчасын кайра кайтарып берүүсүн талап кылабыз.

Бажы биримдигинин регламенти

Кездемелер жана кийим-кечелер боюнча Бажы биримдигинин техникалык регламенти бар. Кыргыз Республикасы Бажы биримдигине киргендигине байланыштуу, биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн техникалык регламентке жооп берген товарларды гана алып кирүүсү керек. Ага ылайык кездемелер сертификация же болбосо декларация кагаздарына ээ болуусу зарыл.

Регламентке ылайык кездемелер үчкө бөлүнөт:

Биринчи катмардагы;

Экинчи катмардагы, ;

Үчүнүчү катмардагы.

Биринчи катмардагы кездемелер адамдын денеси менен түз байланышта болгондуктан, тиешелүү сертификациядан сөзсүз түрдө өтүшү керек.

Буларды көзөмөлдөгөн орган жокпу?

Саламаттыкты сактоо министирлигинин ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө департаментинин адиси Кушубакова Мария Ысакуловна: “Кандай гана продукция болбосун ЕАЭБдин маркировкасы болушу керек. Бул анын баардык тиешелүүанализдерден өтүп, базарда айланууга уруксат алганын билдирет”-деди.

Көз боемо көйнөктөр. Бишкектин базарларында бизди кантип алдашат?

Кушубакова Мария

— Талапка ылайык биз 3 жылда бир эле жолу текшергенге укугубуз бар. Эми ойлоп көргүлө, 3 жылдын ичинде жеке ишкер эмне кыларын өзү билет. Азыркы учурда техникалык регламеттин аткарылышы боюнча базарлардагы көзөмөлдүү иретке келтирүүчү мыйзам долбоору иштелип чыккан, бирок Жогорку Кеңештен кол койула элек. Негизинен кандай гана продукция болбосун ЕАЭБдин маркировкасы болушу керек. Бул анын баардык тиешелүү анализдерден өтүп, базарда айланууга уруксат алганын билдирет. Эгерде маркировкасы жок болсо, ал сертификациядан өтпөгөндүгүнүн белгиси.

Эгерде керектоочунун укугу бузулуп жатса анда каякка кайрылса болот?

Көз боемо көйнөктөр. Бишкектин базарларында бизди кантип алдашат?

Ырысбү Кылычбек кызы

Иликтөөнүн видео варианты:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты