Билим берүү --артыкчылыктуу багыт

Баяндар

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, Кыргызстандын агартуу тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо мындай деп айтылат.

--Бул күн ар бирибизге жылуу сезимдерди тартуулайт. Биздин жүрөгүбүзгө билим нурун салган мугалимдерибизге таазим этебиз. Билим дүйнөсүнүн ачкычы-- мугалимде.

Чыныгы мугалим жаш муундарды билим менен гана сугарбастан, адамдык мыкты сапаттарга үйрөтөт, турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Мугалим — тарбия башаты.

Өлкөнүн өнүгүүсү сапаттуу билим менен бекем байланышкан.

Мамлекеттин саясатында билим берүү — артыкчылыктуу багыт. Өлкөбүздө мугалимдин эмгегин татыктуу баалап алууга аракеттер тынымсыз жүрүп келет. Мугалимдердин коомдук кадыр-баркын, статусун бекемдөө менен гана билимдин сапатына жетишебиз.

Урматтуу мугалимдер, мындан ары да сиздер эгемендүү Кыргызстандын татыктуу жарандарын калыптандырууга өз салымыңыздарды кошо бересиздер деп ишенем.