Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтү узартылды

Баяндар

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылды. Эске салсак, ал Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталууда.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган.

Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келет. Соттук отурумдарда Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган.