KAZ Minerals Bozymchak 55 млн сомдон ашык салыкты төлөдү

Баяндар

Казакстандын Жалал-Абаддагы “Бозумчак” алтын-жез кенин иштеткен "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясы Кыргызстанга киреше салыгын төлөөдөн баш тарткандыгы аныкталып, анын башкы директору Ильяс Тулекеев 25-майда камакка алынган. 28-майда И. Тулекеев бошотулган.

28-майда аталган компания КР Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын депозиттик эсебине салык боюнча төлөмөр каражатты-- 55 миллион 694 миң 283 сомду которгонун аталган кызматтын басма сөз кызматы маалымдады.