Сапар Исаков Өмүрбек Текебаевдин камерасындагы видео-көзөмөлдү алып салууну тапшырды

Блог

Өкмөт башчы Сапар Исаков Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Таалайбек Жапаровго "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камерасындагы видео-көзөмөлдү алып салууну тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул маселе 10-апрель күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйыны учурунда "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов тарабынан көтөрүлгөн.

Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси бул маселе оң жагына чечилерин билдирген.