Ташкенттен поезд келатат

Маек

Ташкент-Балыкчы-Ташкент багытындагы поезд бүгүн, 22-мартта, Ташкенттен чыгып каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы мурда кабарлаган эле.

Ташкент-Балыкчы-Ташкент поезди жумасына бир жолу жүрүп, бейшембиде Ташкенттен чыгып, ишембиде Балыкчыдан кайра артка кайтат. Каттамды «Өзбек темир жолу» ишканасы жүргүзөт.

2016-жылы жай мезгилинде да Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамы тууралуу сүйлөшүү болуп, бирок ал бир эле жолу жүргөн бойдон токтоп калган. 2017-жылы да сүйлөшүүлөр болуп, ал да ишке ашкан эмес.

Белгилей кетсек, поезд каттамын ачуу боюнча сунушту кыргыз тарап киргизген.

Ушул тапта Өзбекстандан Ош жана Жалал-Абадга поезд жүргүзүү маселеси да каралып жатат.