Тышкы иштер министрлигинин демилгеси: Нооруз күнү—Бишкекте дипломатиялык жарманке

Блог

Тышкы иштер министрлигинен кабарлагандай, Нооруз күнү, 21-мартта ТИМ Бишкек мэриясы менен бирдикте дипломатиялык кайрымдуулук жарманкесин өткөрөт.

Бул иш-чара 2018-жылдын 21-мартында Бишкекте саат 10.00-16.00 “Курманжан датка” аллеясында өткөрүлөт.

Жарманкеге 20 дан ашык өлкөнүн элчиликтери менен өкүлчүлүктөрү катышат. Алар улуттук тамак-аш, ар кандай буюмдар, колго жасалган буюм, дизайнердик иштерди көрсөтүп, сатыкка чыгарат жана концерт коюшат.

Дипломатиялык кайрымдуулук жарманкесинин максаты-- элди дүйнөнүн башка элдеринин салттары менен жакындан тааныштыруу, өз ара жакындашуу жана мындан ары кызматташууну жылуу маанайда улантуу.

Иш-чарадан түшкөн каражаттар Кыргызстандын социалдык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет.