Якутия: Самолеттон чачылган алтын уютмалары

Блог

15-мартта Якутияда 9 тоннадан ашык алтын уютмасын ташып бара жаткан самолеттун люк жагынан алтындар чачыраган.

РБК сайтынын маалыматы боюнча, Якутиянын аэропортунан учаарда АН-12 самолетунун люгунун (жабылган тешик капкагынын-ред.) створкасы (эки жакка ачылма капкактары - ред.) үзүлүп кеткен. Самолеттун ичинде 9 тоннадан ашык алтын уютмалары бар болчу.

Sakhaday маалыматы боюнча алтын уютмаларын ташып бараткан самолет Купол кени-Красноярск багытында учуп бара жатып, Якутияга май куйганы конгон.

Иликтөө комитети самолетто самолет 9,3 тонна алтын уютмаларын тартып бара жатканын билдирет.

ТАССтын маалыматы боюнча 3, 5 тонна алтын самолеттон чачылган.

Бул окуядан кийин самолет Яуктскиге кайра кайтып, Маган аэропортуна ийгиликтүү конгон.

НТВ теле каналы алтын уютмалары аэропортко чачылганын, 9 тоннадан ашык алтыны жыйнап алышканын билдиришти. Самолеттогу алтындын жалпы баасы 22 млрд болгон. Айрым жарандар алтын чогулткагы аэропортко чуркашкан.