Камакта ачкачылык жарыялаган үч саясатчы суу иче баштады

Маек

Камакта ачкачылык жарыялаган үч саясатчы суу иче баштады. Бул тууралуу бүгүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.

- Үчөөнүн тең абалы жакшы эле, канааттандырарлык, суу иче башташты. Медицина бөлүмү жазып берген дарыларын алып жатышат. Доктурлардын көзөмөлүндө. Экөө №1 тергөө абагына которулган. Асанов болсо мурда операция болгонун, ден соолугун эске алуу менен №47 колонияда калтырылган.

Оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Райондук жана шаардык сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга кескен. Алар өздөрү күнөөсүз экенин айтып, УКМКнын жетекчиси кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып 30-январдан тарта "кургак ачкачылык" баштаган.