Мирлан Бакиров: “Депутат айымдардын арасында транспортко муктаж болгондор бар. Бул –парламенттин аброю”

Маек

15-февралдагы Жогорку Кеңештин парламент жыйынында өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлүү маселелер козголуп жатты.

“Өнүгүү” фракциясынын  депутаты Мирлан Бакиров Базар-Коргон районундагы Жай-Терек айылындагы №29 мектеп  авариялык абалда болгонунан улам  2015-жылы 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жараксыз деп табылып, балдарды окутууга тыюу  салынгандыгы тууралуу маселени козгоп, муну эске алууну Өкмөттүн өкүлүнөн өтүндү.   Ал мектептин бир имараты 1936-жылы курулгандыгын айтты.

Ошондой эле ЖК депутаты  Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин жөө жүргөн депутаттары үчүн уялган Камчыбек Жолдошбаевдин  ЖК депутаттарына транспорт бөлүү маселесин колдоого алуу керектигин белгиледи:

--Депутаттардын 5-10 пайызынын, айым депутаттардын арасында транспортко муктаж болгондор бар. Мыйзамда так көрсөтүлгөн норма. Ал--парламенттин аброю. Эл аралык байланыштагы, парламенттер аралык байланыштагы норма бар” деп журналисттерди ЖК депутаттарын транспорт менен камсыздоо маселесин колдоого чакырып кетти.