Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчи алмашты

Маек

КР Премьер-министри Сапар Исаковдун 14-февралдагы буйругуна ылайык, Алина Шаикова Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды.

А. Шаикова буга чейин финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп иштеген. 2014-2015-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген.

Ал эми мамлекеттик каттоо кызматын буга чейин жетектеп келген Дастан Догоев жазган арызынан улам кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Өкмөттүн ЖМК менен байланыш бөлүшүмү кабарлайт.