Кыйноо-кыстоолордун 95% - ички иштер органдарында

Маек

Кыйноонун алдын-алуу боюнча Улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманкулов 8-февралда өткөн Бишкектеги пресс-конференцияда жарандарды кыйнап-кыстоолордун 95%  милицияга тиешелүү экенин белгиледи. Пресс-конференция Акыйкатчы институтунун, укук коргоочулардын катышуусунда, “Кыйноосуз келечек!” аттуу чакырык менен өткөрүлдү.  

Кыйноонун алдын-алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманкулов жарандардан кыйноо боюнча 217 кайрылуу түшсө, анын 104ү кыйноолорго даттануу арыздары экенин мисал келтирди.

Анын айтымында, жарандарды кыйноонун:

95 пайызы - Ички иштер органдарына;

8 пайызы - Улуттук коопсуздук кызматына;

Бир пайызы - Жаза аткаруу кызматына туура келет.

Кыйноого карата даттанган эки жарандын арызы боюнча кылмыш иши козголгон.