"Бишкек жылуулук борбору" ААКсы абоненттерин дагы эки күн акы төлөөдөн бошотту

Маек

Эң суук күндөр - 27-январдан 31-январга чейинки аралыкта жылуулук тиешелүү деңгээлде берилбей калгандыгы үчүн, ушул күндөрдөн сырткары, февраль айынын баштапкы эки күнүнө дагы акы төлөө эсептелинбей турган болду. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдингден" кабарлашты. "Акы төлөө 3-февралдан тартып эсептелине баштайт" деп билдиришти тиешелүү мекемеден. Суук күндөрдө Бишкек ТЭЦи жана "Бишкек жылуулук борбору" ААКсы канча чыгым тартканы али эсептеле элек.