​Депутат Артыков: Бир мандаттуу округдардын түзүлүшү коррупция менен коштолуп жатат

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жалпы жыйынында бир мандаттуу округдардын түзүлүшү боюнча БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматы угулду.

Төрайым Нуржан Шайлдабекова ар бир округда шайлоочулардын саны тең болушу керек жана плюс-минус 20% пайыз өзгөчөлүк болорун, бири-бири менен чектелбеген округдар түзүлүшү керектигин билдирди.

Депутат Анвар Артыков бир мандаттуу округдардын түзүлүшү коррупция менен коштолуп жатканын айтты:

-Округдарды кээ бир лоббисттер, келечек талапкерлер өздөрү каалагандай бөлгөн, бир бөлүгү башка, бир бөлүгү башка жакта. Кара-Суу району чоң, чектешпеген райондордон кошуп салган. Бул жерде коррупциялык иш жүргөн. Округдар кээ бир личностторго аталып түзүлүп жатат,- деп билдирди.

Ал эми Нуржан Шайлдабекова чындап эле бул маселе талаш-тартыштарды жаратканын айтты.

— Кеңири талкуунун негизинде чек ара округдарын аныктаганбыз. Бири-бири менен чектешпеген округдар жок. Ош облусу боюнча талаш-тартыштар көп болгон, -деп билдирди.

Президенттин жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленет.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралат.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты