​Бишкекте коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча операциялык борбор ачылды

  • 3 года мурун

Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча биринчи операциялык борбордун ачылышы болду.

Борбор калктын ден соолугуна байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо үчүн иштелип чыккан. Мындай борборлор «оперативдик борборлор», «кырдаалдык борборлор» жана «командалык пункттар» деп да аталат, өзгөчө кырдаал учурунда натыйжалуу чара көрүү үчүн стратегиялык координацияны, өз учурундагы маалымат алмашууну жана талдоону камсыз кылат.

Белгилей кетсек, USAID жана ДСУ борборду жабдууга, анын ичинде керектүү жабдууларды сатып алуу жана атайын маалымат тутумун — интеграцияланган эпидемиологиялык платформаны иштеп чыгууга, ошондой эле Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөштү күчөтүү максатында кызматкерлерди окутууга жардам көрсөтүшкөн.

2021-жылдын 8-февралында Президент «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты