​Жапаров Ооганстандан эвакуацияланган БУУ мекемелерин Бишкекте убактылуу жайгаштырууну сунуштады

  • 3 года мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында видеокайрылууда Президент Жапаров Ооганстандан эвакуацияланган БУУ мекемелерин Бишкекте убактылуу жайгаштырууну сунуштады

Афганстандагы акыркы кырдаалга байланышту биздин тынчсыздануубузду белгилебей коюуга болбойт. Биз беш жүз афгандык жаштарга биздин университеттерде билим алуусуна мүмкүнчүлүк бере алабыз, ошондой эле муктаж болгондорго, биринчи кезекте, Афганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтө алабыз. Афганстандан БУУ мекемелерин эвакуациялоо жүрүп жатканын эске алып, Кыргызстан аларды Бишкекте убактылуу жайгаштырууну сунушайт. Буга байланыштуу, БУУнун Башкы катчысынан биздин сунушка көңүл бурууну өтүнөм.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты