​Бишкекте биринчи шаардык маалымат платформасынын презентациясы өттү

  • 3 года мурун

«Civic City Dashboard (шаардык маалымат панели)» долбоорунун презентациясы 17-сентябрда «Сорос-Кыргызстан» фондунда өттү.

Civic City Dashboard — Евразиядагы уникалдуу долбоор жана ачык маалыматтарга негизделген башкаруу системасын өнүктүрүү үчүн эң сонун курал. Платформа шаардагы ар кандай процесстерди салыштырууга, талдоого жана корреляциялоого боло турган шаардын ичиндеги маалыматтарын чагылдырат.

Бул долбоор муниципалдык кызматтардын ишин көзөмөлдөөгө, шаардагы көйгөйлүү пункттарды табууга жана ошого жараша чечимдерди сунуштоого мүмкүнчүлүк ачат. Шаарда жашаган жарандарга дагы ачык-айкын маалыматтарды колдонууга жана шаардын жашоосуна катышууга мүмкүнчүлүк берет

Презентация учурунда идеянын автору, «Сорос-Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов шаардык маалыматтардын структурасы, анын өнүгүшүнө салым кошуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты