​Түркмөнстанда эпидемиологдор үч нөөмөт менен иштөөгө аргасыз болушууда

  • 3 года мурун

Түркмөнстанда COVID-19 кеңири жайылып, калк тиешелүү медициналык жардам ала албай жатат. Медициналык кызматкерлер менен аза кызматтары өтө оор кырдаал түзүлгөнүн билдиришүүдө.

«Абал оор, оорунун жайылышы туу чокусуна жете элек, азайган да жок. Дельта жаалданып, 1ден 5 жашка чейинки балдар да ооруп жатат. Көбүнүн териси резина сыяктуу болуп, кесилүүдө» деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өздүк булагы.

Тесттерге суроо-талап көбөйүүдө. Клиникалык жана эпидемиологиялык медицина институтунун кызматкерлери үч нөөмөт менен иштеп жатышат. Коронавируска карата тесттердин көбү оң чыгууда. Бейтаптар тест үчүн 100 манаттан (28,5 доллар) төлөшүүдө. Дарыгерлердин айтымында, регламент боюнча коронавирус менен ооруган кишинин туугандары тестти бекер тапшырышы керек, иш жүзүндө бул норма аткарылган жок.

Бул арада оорусу өтүшүп кетип, өлгөндөрдүн саны да көп болууда.

«Моргдордо өлүктөрдү ороп жетишпей жатышат. Пленка менен оролбогон сөөктөргө аты-жөнү жазылган барактарды скотч менен чаптап беришүүдө» – “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактарынын бири.

Түркмөнстан бийлиги азыркыга чейин өлкөдө коронавирус бар экенин расмий түрдө мойнуна ала элек.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты