УКМК: Тажикстанга мыйзамсыз көмүр ташып бараткандар кармалды

  • 3 года мурун

Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз көмүр ташып бараткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрда Баткен облусундагы Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери Майты айылында «Мерседес» жана MAN үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу унааны токтотушкан. Айдоочулар качып кетүүгө аракет кылышып, чек арачылардын эскертүү иретинде аткан огунан кийин гана токтошкон.

Текшерүү учурунда кармалгандардын Кыргызстандан Тажикстанга 15 тонна көмүрдү эч кандай уруксат кагазы жок алып баратканы белгилүү болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочулар жана жүк тартип сактоо органдарына андан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты