Жогорку сотто Марат Алапаевдин кылмыш иши кайра каралганы чын

Бүгүн, 16-сентябрь күнү журналист Сыргак Абдылдаев Фейсбук баракчасына Жогорку соттун документтери делген сүрөттөрдү жарыялаган. Сүрөттөгү документтерде Максим жана Жаныш Бакиевдердин катышкан кылмыш иштери боюнча өкүм кайра кароого жөнөтүлгөнү айтылган. Мунун менен бирге Абдылдаев мындай жол менен “жашыруун” түрдө качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүн реабилитациялоо башталганын жазган.

Жогорку сотто Марат Алапаевдин кылмыш иши кайра каралганы чынЖогорку сотто Марат Алапаевдин кылмыш иши кайра каралганы чынЖогорку сотто Марат Алапаевдин кылмыш иши кайра каралганы чынЖогорку сотто Марат Алапаевдин кылмыш иши кайра каралганы чынЖогорку сотто Марат Алапаевдин кылмыш иши кайра каралганы чынЖогорку сотто Марат Алапаевдин кылмыш иши кайра каралганы чынЖогорку сотто Марат Алапаевдин кылмыш иши кайра каралганы чын

Социалдык тармактарда бул сүрөттөр талкууга алынып, айрымдары муну экс-президент курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүн Кыргызстанга алып келүүгө жасалган алгачкы кадамдар катары караса, айрымдары бул маалымат фейк экенин, жана мындай барактарды компьютерден оңой эле басып чыгарса болоорун айтып билдирүү калтырышкан.

Жогорку сотто Марат Алапаевдин кылмыш иши кайра каралганы чын

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Сүрөттөгү документтерде 2010-жылдын 10-апрелине чейин чейин Улуттук Банктын төргасы болуп иштеген Кубанычбек Боконтаевдин түшүнүк каты да тиркелген. Түшүнүк катта ал ошол убакта Улуттук Банктын төрагасы болгон Марат Алапаев менен Бакиевдердин мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча ар кандай коркутуулардын негизинде туура эмес көрсөтмө бергенин ачыктаган. Жана ушул түшүндүрмөнүн негизинде Алапаевдин адвокаты Александр Сергеевич Мощин бул ишти кайра карап чыгуусун өтүнгөн. Эгер өтүнүч кабыл алынса, Марат Алапевдин мыйзамсыз иш-аракеттерге айыптуу деп тапкан соттун өкүмү менен буга чейин Жаныш Бакиев жана Максим Бакиевди Улуттук Банктан 220 миллион долларды тоногон деген соттун өкүмү жокко чыгаары белгилүү.

Бул боюнча Жогорку соттун маалымат катчысына кайрылганыбызда бул кылмыш ишинин кайра каралганы чын экенин ырастап, Марат Алапевге карата сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу прокурорго өткөрүлгөнүн айтты.

2021 -жылдын 18 -августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана жоруктары боюнча соттук коллегиясы ачык сотто Алапаевге карата жаңы ачылган жагдайларды эске алуу менен кылмыш иши боюнча өндүрүштү улантуу зарылдыгы жөнүндө адвокат А.Мощиндин арызын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурорунун корутундусун караган.

Кароонун натыйжасында, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015 -жылдын 20 -октябрындагы өкүмү жана Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясынын 2016 -жылдын 8 -февралындагы өкүмү жокко чыгарылган. М.Алапаевге карата кылмыш иши сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн прокурорго өткөрүлүп берилди.

Ошону менен бирге, биз бул кылмыш иши ачык соттук отурумда каралып, «жашыруун» деп классификацияланган иштерге тиешеси жоктугун, ал эми иш боюнча башка айыпталуучуларга карата сот актылары кайра каралбаганын белгилейбиз”,— деп айтылат билдирүүдө.

Марат Алапаев ким?

Алапаев Марат Ормонбекович — экономист. Кошумча финансылык менеджмент, макроэкономика, баалуу кагаздар рыногу, коммерциялык банкты башкаруу боюнча билими бар.

1998 -жылдан 2006 -жылга чейин Марат Алапаев «БАНК-БАКАЙ» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы болгон. Ошондой эле, негизги ишмердүүлүгү менен катар эле, КУУда Банктарды өнүктүрүү стратегиясы боюнча атайын курсун окуткан.

2006-жылдын майынан 2010-жылдын апрелине чейин Улуттук банктын төрагасы болуп иштеген. Апрель айындагы саясий окуяларга байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткенден соң ал мыйзамсыз иштерге айыпталып 15 жылга эркинен ажыратуу боюнча соттун өкүмү чыккан.

Жыйынтык: Жогорку сотто Марат Алапаевдин кылмыш иши кайра каралганы чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты