“Жашыруун” квалификациясынын алдында Бакиевдерди реабилитациялоо жүрүүдө — журналист Сыргак Абдылдаев

  • 3 года мурун

Журналист Сыргак Абдылдаев Кыргызстанда “Жашыруун” квалификациясынын алдында бозгундагы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүн реабилитациялоо жүрүп жатканын айтып билдирүү таратты.

Мындай билдирүүнү ал өзүнүн “Фейсбук” баракчасында калтырган. Билдирүү менен катар аргумент катары сот органдарынын документтерин жарыялаган.

Аталган документтерге ылайык, Бакиевдердин мурдагы адвокаты Александр Мощин Жогорку Соттон Бакиевдердин Орусиядан алынган 220 млн доллар насыяны уурдап алышы жана “Ысык-Көл” инвестициялык банкын мыйзамсыз басып алууга катышкандыгы боюнча кылмыш иштерин кайра карап чыгып, соттун өкүмүн жокко чыгарууну өтүнгөн.

“Жыйынтыгында Жогорку Сот Ысык-Көл банкына Бакиевдердин түздөн-түз көрсөтмөсү менен рейд жүргүзгөнүн мойнуна алган Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге карата чыккан соттун өкүмүн жокко чыгаруу чечимин кабыл алган”, — деп жазат Абдылдаев.

2017-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Алапаевди күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыраткан.

Журналист бул иш боюнча Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин дагы шектүү экендигин белгилеп өткөн.

Абдылдаев экономикалык кылмыштардан тышкары, 2010-жылдагы апрель окуясы, Медет Садыркулов менен Сергей Слепченконун өлтүрүлүшү боюнча козголгон кылмыш иштери дагы жашыруун ачылганын кошумчалаган.

Билдирүүдө жарыяланган Жогорку Соттун өкүмүндө Мощиндин ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу өтүнүчү 2021-жылдын 18-августунда канааттандырылган.

Бул маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Мекеменин билдирүүсүндө, 18-августта сот коллегиясынын чечими менен Марат Алапаевдин иши прокурорго сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн жөнөтүлгөнү жана 2015-жылы Октябрь райондук соту, 2016-жылы Бишкек шаардык сотунун сот коллегиясы тарабынан кабыл алынган өкүмдөр жокко чыгарылганы айтылган.

«Ошону менен бирге, биз бул кылмыш иши ачык соттук отурумда каралып, «жашыруун» деп классификацияланган иштерге тиешеси жоктугун, ал эми иш боюнча башка айыпталуучуларга карата сот актылары кайра каралбаганын белгилейбиз«, — деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты