​Улуттук университетте коронавируска каршы эмдөө албаган мугалимдерге карата жобо кабыл алынганы чын. Бирок башка жагдайлар да бар (Фактчекинг)

13-сентбрь күнү Жыргалбек Бердибеков аттуу Фейсбук колдонуучусу, Кыргыз Улуттук университетинин жамааты коронавируска каршы эмдөө албаган мугалимдерди жумуштан четтетүү буйругун кабыл алганын жазып чыккан. Ал, бул кадамдын туура эмес экенин айтып, ден-соолугуна байланыштуу эмдөө албагандарга карата адилетсиз болоорун билдирген.

​Улуттук университетте коронавируска каршы эмдөө албаган мугалимдерге карата жобо кабыл алынганы чын. Бирок башка жагдайлар да бар (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Ыктыярдуу жана милдеттүү эмдөө

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Алгач эмдөө 3 этапта жүргүзүлүп, алгач медициналык кызматкерлер андан кийин алтымыш жаштан жогору, өнөкөт оорулары бар жана калктын аярлуу катмары эмдөөдөн өткөн.

Саламаттыкты сактоо министрлиги эң башынан бери калкты коронавируска каршы эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлө турганын айтышкан.

Иммундук профилактикалык борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова ПолитКлиника медиасына берген маалыматында эмдөө учурунда милдеттендирүү болбой турганын? бирок мыйзам боюнча каралаарын билдирген:

Коронавируска каршы вакцинацияны он сегиз жаштан жогору адамдарга кылабыз, анткени COVAX системасы менен келе турган вакцинанын маркировкасы ушундай. Эмдөө жүргүзүүдө эч кимди вакцина алууга мажбурлабайбыз, бирок мыйзамдын негизинде иш жүргүзөбүз”, — деп айткан.

Мындан сырткары, өлкө башчысы Садыр Жапаров 23-июлда кыргызстандыктарды коронавируска каршы вакцина алууга үндөп, эч кандай мажбурлоо болбой турганын дагы бир жолу тастыктаган.

Бирок кийинчерээк, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медицина тармагында иштеген кызматкерлерди милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүү тууралуу буйрук берип, жогоруда айтылган “ыктыярдуу эмдөөгө” каршы келген жобону кабыл алган. Бул коомчулук тарабынан сынга алынса да, мыйзам бузуу катары каралган эмес. Анткени, пандемия учурунда эмдөө албаган жарандардын укуктары жана милдеттери башка мыйзамда жазылган.

Мыйзамдын экинчи тарабы

Кыргыз Республикасынын “Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” мыйзамы бар. Бул мыйзамдын бешинчи беренесине ылайык, эмделбеген адамдар Кыргыз Республикасы катышкан келишимдерге ылайык, өлкөдөн чыгуусу, массалык оорулар жугуу коркунучу болсо мамлекеттик мекемелерге кабыл алуу; жарандарды жумушка кабыл алуу укуктары чектелиши мүмкүн экени жазылган.

​Улуттук университетте коронавируска каршы эмдөө албаган мугалимдерге карата жобо кабыл алынганы чын. Бирок башка жагдайлар да бар (Фактчекинг)

Ал эми, бул мыйзамдын бузулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

Башкача айтканда, эмдөө албаган жарандарга карата колдонулуп жаткан кээ бир чаралар мыйзам бузуу катары каралбайт.

Мындан сырткары, 24-июлда кабыл алынган жобого ылайык, илдет жугуп калуу коркунучу жогору болгон жана калк менен иштеген тармактарда милдеттүү түрдө эмдөө киргизилген.

Айнагүл Рыскулбекова “Ар бир мекеме коронавируска каршы чектөөлөрдү өздөрү кабыл алат”

Кыргыз Улуттук университетинде эмдөө албаган мугалимдерге каршы кабыл алынган жобонун мыйзамдуулугуна байланыштуу министрликке кайрылганыбызда, мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова буларга токтолду:

“258-буйрук бизге келе элек. Ал эми кызматкерди жумуштан четтетүү же кабыл алууну ар бир жетекчилик өзү чечет. Эмдөө ыктыярдуу жүргүзүлүп жатат. Ал эми коронавируска байланыштуу маселелер козөмөлдөнүп жатат”, -деп билдирди.

Ал эми, Кыргыз улуттук университетинин окуу иштери боюнча проректору Бекжан Темиров бул жобо, мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологиялык абал боюнча көрсөтмөсүнө ылайык даярдалганын айтты:

“Бул буйрук эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун көрсөтмөсүнө ылайык жазылган. Буйрукта ал жобо тиркелбей калганы үчүн бизди күнөөлөп жатышат. Кээ бирлери биздин университет мугалимдерди жумуштан чыгарып же албай жаткандай көрсөтүп жатышат. Бирок ал жерде “эгерде оору жугуп калуу коркунучу жогору болгон жагдайларда” деп так көрсөтүлгөн. Азыр биз бардык мугалимдерди жумушка чакырып, көзөмөлдөп жатабыз.”, -деп билдирди.

Ошондой эле Бекжан Темиров кош бойлуу жана аллергиясы бар адамдарга да жеңилдиктер каралганын билдирди.

Белгилей кетсек, азыркы учурда жалпы Кыргызстандыктардын 11,17%ы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Жыйынтык: Улуттук университетте коронавируска каршы эмдөө албаган мугалимдерге карата жобо кабыл алынганы чын. Бирок ал мыйзамсыз экени далилденген эмес. Анткени, “Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” мыйзамына ылайык, эмдөөдөн өтпөгөн адамдарга карата кээ бир чаралар колдонула турганы жазылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты