Унутулган мектеп

“Мына, дубалдардагы жаракаларды карагыла, ураганы араң эле турат”. 2016-жылкы ӨКМдин (Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин) корутундусу директордун колунда турса да, эмнегедир Баткен облусунун Кадамжай районунун Исфайрам айылындагы Исаков атындагы орто мектеп авариялык абалдагы мектептер тизмесине киргизилген эмес. Биз ал жакка досторубуздун сунушу менен кокустан барып калдык. Директор Нулифар Абдувахидова бизден мектептин расмий тизмеде жок экенин уккандан кийин, районо менен такташарын убадалады. “Биздики анык авариялык абалдагы мектеп”. Аны көргөндөрдүн эч кимисинде авариялык абалдан күмөн жаралбайт: мектеп көз алдыңда урап бара жатканын көрүүгө болот. 90-жылдардын башында айыл эли өздөрү каражат топтоп ашар жолу менен салышкан. Ал кезде стандарттык талаптар тууралуу ойлонушкан да эмес: мектепте спорт зал, ашкана жок, сууну агын суудан алышат, эң негизгиси окуу бөлмөлөрү чоң класстар үчүн өтө тар: 30 окуучу 12 чарчы метрде кысылып, бир партада үчтөн отурушат, биринчи катардагы парта доскага жармашып коюлган.

Мектепте 540 окуучу окуйт, ал эми имарат 180 балага гана ылайыкталган, жыл сайын окуучулардын саны көбөйүүдө. Балдар эртең мененки 6:30дан баштап, “тездетилген режимде” үч сменада окушат. Бул жетишүү сапатына таасир тийгизбей койбойт. Директордун сөзүнө караганда, ата-энелер балдарын мектепке жибергилери келбейт, бирок башка аргалары да жок. Өкмөттөн кенже класстар үчүн коридорго өзүнчө кабинет куруу үчүн болгону бир гана жолу жардам келген. Буга чейин балдар башка имаратка барып окууга мажбур болушчу экен. “Коридордо болсо да, өзүнчө класс болуп калды”, — дейт директор.

Бирок мындагы андан да кооптуу нерсе – мектептин дубалдары каалаган учурда кулап түшүүсү мүмкүн. Пайдубал таштан эле тургузулгандыктан, чоң-чоң жаракалар пайда болгон. Дубалдын жыгач устундары чирип бүтүп калган. Билим берүү министрлиги жыл сайын 30 000 сомдун тегерегиндеги акча каражатын бөлөт, бирок бул косметикалык оңдоп-түзөө иштерине гана жетет. “Мектепти колдон келишинче сактоого аракет кылып жатабыз”. Директордун ондогон миллион сом сарпталуучу жаңы мектептин долбоору бар экен, ал мындай дейт: “жаңы мектепте эки гана смена болот…”.

Текст: Анастасия Валеева, Таалайбек Талант уулу

Фото: Таалайбек Талант уулу

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты