​Жаңы вирус күч алды деген маалымат — манипуляция

Социалдык тармактарда жана бир катар медиа каражаттарында жаңы Нипах вирусунун жайылышы боюнча маалыматтар тарап жатат. Вирус чын эле аныкталганын жана ага каршы вакцинанын бар же жок экендигин ПолитКлиника медиасы текшерип көрдү.

​Жаңы вирус күч алды деген маалымат - манипуляция

5-сентябрда Индиянын NDTV каналы Керала штатында Нихап вирусунан улам 12 жаштагы бала каза болгонун маалымдаган. Аны менен байланышта болгон 251 адамдар текшерүүгө алынып 6- сентябрга карата 11 адамдан вирустун симптомдору аныкталган. Алардын абалы учурда туруктуу экенин штаттын саламаттыкты сактоо министири Вина Жорж билдирген.

Нихап кандай вирус?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча Нипах вирусу жаңы заноздук вирус болуп, адамга жаныбарлардан, же булганган тамактан, анан да адамдан адамга жугушу мүмкүн. Orphanet сейрек кездешүүчү ооруларды жана дарыларды изилдеген порталда Нипах вирусу боюнча бир катар маалыматтар бар. Ага таянсак вирус Henipavirus тибиндеги Paramyxoviridae вирустарына тиешелүү . Вирус мөмө жарганаттарда ( Pteropus уруусу ) сакталат, алар адамдарга шилекейи менен же экскретасы менен, анын ичинде булганган тамак -аш, өзгөчө пальма дарагынын ширеси аркылуу жугушу мүмкүн. Мындайча айтканда жарганаттар негизги вирусту алып жүрүүчүлөр болуп эсептелет. Жарганаттар вирусту ортоңку кошуундарга, айрыкча чочколорго жуктурушу мүмкүн, алар дем алуу органдарынын ооруларын пайда кылып, вирусту адамдарга жугузушу мүмкүн. Инфекциянын серологиялык далилдери мышыктарда, иттерде жана аттарда да белгиленген. Адамдан адамга жугуу кээде дене суюктугунун таасири аркылуу байкалган.

ДССУ Нихап вирусун 2018- жылы өлүмгө алып келүүчү 10 вирустун катарына кошкон. Вирусту жуктуруп алгандардын 30-90% өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Көрсөткүчтүн ар башка болгону ар бир өлкөдөгү абалга байланыштуу. Буга чейин вирустун башталуусу Малазия, Сингапур, Бангладеш, Филиппин, Индияда ж.б ушул сыяктуу өлкөлөрдө байкалган. 2018-жылы вирустан улам оору жугузгандардын 90% каза болгон. Тактап айтканда, UpToDate͑ тин маалыматы боюнча, жалпы 23 учуру аныкталып алардын арасынан 2си гана аман калган. Вирус алгач 1999-жылы аныкталган. Бирок 20 жылдан бери бул илдетке каршы кандайдыр бир вакцина да, анын даарылоо ыкмасы да ойлоп табыла элек.

Бүткүл Индия медициналык илимдер институтунун (AIIMS) медицина кафедрасынын профессору, доктор Ашутош Бисвастын айтымында, биз бул өтө олуттуу оору экенин жана жогорку ооруга чалдыгуу жана өлүм менен байланыштуу экенин түшүнүшүбүз керек. Ошондой эле, ал кошумчалагандай, бул көйгөй глобалдык проблема жана Индиянын жанындагы Бангладеш сыяктуу башка бир нече өлкөлөрдө вирустун кайталанган учурлары болгон.

Адамдан адамга кантип жугат?

Айрым учурларда гана, вирустун жаңы учурларында адамдан адамга активдүү түрдө жуккан. Негизи адамдан адамга түзмө-түз жугуу ыктымалдуулугу вирустун штампынан көз каранды. Учурдагы акыркы статистика боюнча, вирус жуктурган 2 адам максимум 1 адамга жуктурушу мүмкүн. Негизинен, ооруну жуктуруп алуу оорулуунун акыркы стадиядагы абалында болуп өтөт. Көбүнчө оорулуу менен тыгыз байланышта болгон адамдар,үй бүлө мүчөлөрү, медицина кызматкерлери болушу мүмкүн.

Вирустун белгилери жана симптомдору

Негизинен вирус мээни жабыркатат, анда шишик пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Көпчүлүк учурда алгач баш оору, булчуңдардын ооруусу, көңүл айлануу, кусуу анан кома жана өлүм болот. Айрымдарында вирустун эч бир симпьомдору байкалбайт. CDS(Centers for Disease Control and Prevention) маалыматы боюнча Нихап вирусунун белгилери төмөнкүдөй. Симптомдор вирусту жуктургандан кийин 4-14 күндүн ичинде пайда болот. Оорунун башында 3-14 күндүн ичинде ысытма жана баш оору пайда болуп, көбүнчө жөтөл, тамак оорусу жана дем алуу оорлугу сыяктуу респиратордук оорулардын белгилерин камтыйт. Мээнин шишигинин (энцефалит) фазасы келип чыгышы мүмкүн, мында симптомдор 24-48 сааттын ичинде комага тез өтүшү мүмкүн болгон уйкучулук, дисориентация жана психикалык башаламандыкты камтышы мүмкүн.

Нипах жаңы бир эпидемия же пандемияга себеп боло алабы?

Жок. Азырынча бул бир эпидемия же пандемия коркунучун жаратпайт, болгону бир өлкөдөгү ооруну жаңы толкуну. Вирустун ар бир жаңы толкунунда бир-нече ондогон гана учур катталган. Neo Hospital дын улук врач-консультанты Анкит Джайндын Риа Новостиге берген маалыматында, Нипах Covid-19 сыяктуу пандемияга себеп болбойт, бирок анын алдын алуу чараларын көрүү керек деген. Ошондой эле ScienceDirect интернет журналы жаңы микроб жана инфелциялар атту томунда Нипах вирусуна көңүл кош мамиле кылбоо керек жана аны толук түрдө изилдөө абзел дейт. Нипах РНК вирусу болуп саналат жана тез-тез мутацияга дуушар болуп турат. кийинки 5жылдын ичинде же кийинчерээк жаңы Нипах вирусу пайда болорун эч ким анык айта албайт.

Жыйынтык: Чындыгында Нипах өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу вирус. Бирок «Жаңы вирус күч алды»деген маалымат манипуляция. Бул вирус 20 жыл аралыгында маал-маалы менен чыгып(вспышка), эң көп 20-30 учур катталат. Covid-19дан кийин пандемия жаратуу ыктымалдуулугу төмөн, эгер мутация болбосо.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты