Бала бакчалар 15-сентябрдан тартып иштей баштайт

  • 3 года мурун

Мамлекеттик бала бакчалар 15-сентябрдан тартып кадимки режимде иштей баштайт.

Бул тууралуу кечээ, 13-сентябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкөдөгү бала бакча кызматкерлеринин 82%ы коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн.

Эске сала кетсек, мамлекеттик бала бакчалардын бардыгы 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган. Ошондон бери толук ачыла элек.

Эртең, 15-мартта мектептер дагы салттуу режимде иштей баштайт.Сүрөт: Интернет булактары.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты