​“Израилде коронавирустан 105 өлүм катталып, анын 103ү вакцинадан өткөндөр” деген маалымат манипуляция (Фактчек)

8-сентябрь күнү Сергей Фёдоров аттуу соц тармак колдонуучусу “Израилде COVID-19 улам 105 каза болгондордун арасында 103ү вакцина алган” деген видео менен бөлүшкөн. Видеодо Израилдин премьер-министири Нафтали Бенет өлкөдөгү каронавируска каршы вакцинация боюнча сүйлөп жатат.

​“Израилде коронавирустан 105 өлүм катталып, анын 103ү вакцинадан өткөндөр” деген маалымат манипуляция (Фактчек)

Полит Клиника жогорудагы видеодо айтылган сөздөр канчалык чындыкка жакын экендигин текшерип чыкты.

Сергей Фёдоров өзүнүн ВКонтакте соц тармагындагы баракчасында вакцинага каршы мазмундагы материалдар менен бөлүшүп турат. Ошондой эле бул видео Телеграммдагы Ковид Сопротивление деген каналга да жүктөлгөн. Демек, видео бир манипуляция катары да болушу мүмкүн

Израилде СOVID-19 боюнча абал кандай?

Израилде 2020-жылдын 12-мартында(7) алгачкы Covid-19ду жуктургандар аныкталган. Азыркы тапта жалпы 1 миллиондон ашык учур катталган. 2020-жылы 19-декарда Израилде жарандарды массалык түрдө эмдөө башталып, акыркы статистикалык маалыматтар боюнча калкынын 61,1% толук түрдө эмдөөдөн өткөн.

Worldmeterдин маалыматы боюнча Израилде акыркы бир жуманын арасындагы каронавирустук абал ушундай.​“Израилде коронавирустан 105 өлүм катталып, анын 103ү вакцинадан өткөндөр” деген маалымат манипуляция (Фактчек)

“105 өлүмдүн ичинен 103ү вакцинация болгон”

Our world in data статистика жана изилдөө сайтынын маалыматында дүйнө жүзү боюнча калктын 41,5% жок дегенде вакцинанын биринчи дозасын алды. Калктын үлүшүнө карата эмдөөлөрдүн саны боюнча Израиль дүйнөлүк лидерлердин бири бойдон калууда.

Ал эми Израилдеги өлүмдөр боюнча, 9-сентябрга карата 98 учур катталган. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министирлигинин берген маалыматына караганда акыркы жума ичинде 98 эмдөөдөн өтпөгөн, 70 вакцинанын эки дозасын алган жана 24 вакцинанын үчүнчү дозасын алгандар каза болгон.

​“Израилде коронавирустан 105 өлүм катталып, анын 103ү вакцинадан өткөндөр” деген маалымат манипуляция (Фактчек)

Жогоруда көрүнүп тургандай акыркы убактардагы эң чоң көрсөткүч 98. Демек, 105 өлүмдүн ичинен 103у вакцинадан өткөндөр деген маалымат калп.

“Ар бир 5 айда антителалар азаят жана кийинки вакцинаны алуу муктаждык жаралат”

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму «Covid-19 вакциналары узак мөөнөттүк иммунитетти камсыздайбы?»деген суроого тқмөнкүдөй жооп берген. COVID-19га каршы вакциналар бир нече ай мурун эле иштелип чыккан жана алар пайда болгон иммунитеттин мөөнөтүн баалоо эрте. Бул маселени тактоо үчүн илимий изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Азырынча белгисиз жана изилденип жатат деген. Ал эми bbc нин маалыматы боюнча каронавируска каршы бир гана антителолор эмес Т-лимфоциттери да күрөшө алаарын жана алардын өмүрү узун болоорун жазышкан. Демек, вакцина алгандан 5 айдан кийин кайрадан вакцина алуу зарылчылыгы такталбаган маалымат.

“Мындан ары үчүнчү, төртүнчү, бешинчи ж.б вакциналар алынат”

29-июлда Н.Бенет өз тургундарын 3-эмдөөгө киришүүгө даярданып жатканын билдирген. Статистика көрсөткөндөй, эмдөө сизди инфекциядан же өлүмдөн куткарбайт. Ырас, эмдөөдөн өткөндөрдүн үлүшү эмделбегендерге караганда азыраак. Бирок адамдар дагы эле өлөт. Ошол эле учурда үч жолу эмделгендер эки жолу эмделгендерге караганда 6 эсе аз жугат. Окумуштуулар Израилден кошумча вакцинация боюнча отчетту күтүп жатышат. Анын натыйжалуулугу жана киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндө талаш -тартыш пикирлер бар. ДССУ азырынча 3-вакцинага каршы.

Котормо канчалык туура?

Видео жалпылап которулган. Сөздөр, кандай мааниде болуп жаткандыгы жалпылап көрсөтүлгөн. Эгер Нафтила Бенеттин маалымат жыйындарын карап чыксак жогорудагы видеодогу кадырларды төмөнкү ю-туб каналдан байкасак болот. Мында премьер-министр жарандарына кайрылып, кийинки локдаундун алдын алуу үчүн вакцина алууга үндөйт.

Эске салсак, 2021-жылдын башында Facebook соц тармагында COVID-19 га каршы вакцинациядан өткөндөрдүн арасында өлүм-житимдер көбөйдү деген маалымат тараган.

Бул маалыматты Reuters’тин көз карандысыз фактчекерлери текшерип, калп экендигин ачыкташкан.

Жыйынтык: Калп. Манипуляция. 105 өлүмдүн ичинен 103ү Covid-19га каршы вакцинациядан өткөн деген маалымат чындыкка жатпайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты