​Казакстан Кабулдан 41 кишини эвакуациялады. Арасында бир кыргызстандык бар

  • 3 года мурун

9-сентябрь күнү кечинде Казакстандын Коргоо министрлигинин учагы Ооганстандан 41 адамды Алматыга алып келди.

Бул тууралуу казак Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Кабулдан 35 ооганстандык казак, төрт казак жараны, Кыргызстандын бир жараны жана Казакстанда туруктуу жашаган бир ооганстандык алып келинди.

Бүгүнкү күндө талибдер басып алган Ооганстанда дагы жүздөгөн казактар бар. Алар өздөрүн тарыхый мекенине алып кетүү өтүнүчү менен Нур-Султанга кайрылууда.

Августта Кыргызстан ТИМи Казакстан Кабулдан 15 кыргызстандыкты алып келүүгө жардам бергенин билдирген. Ага чейин мекеме Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу бул өлкөдөн тогуз кыргыз жараны мекенине жеткирилгенин кабарлаган. Азырынча Ооганстанда Кыргызстандын канча жараны бар экени жана алардын канчасы эвакуацияланганы боюнча так маалымат жок.

Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы казактарды тарыхый журтуна кайтарууга байланыштуу иш-аракеттер башталганын, бирок ооган жергесиндеги саясий-аскердик кырдаалдан улам аларды алып келүүнүн так мөөнөтү белгисиз экенин билдирген эле.

«Талибан» радикал кыймылы 15-августта Кабулду басып алгандан кийин казак бийлиги Ооганстанда 15 этникалык казак үй-бүлөсү бар экенин, алардын жалпы саны 200гө жакындай турганын маалымдаган. Бирок Ооганстандагы этникалык казактар бул сан алда канча көп экенин айтып келишет.

Сүрөт: Photo by MFA of Kazakhstan

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты